O!Store’до O!Bank аркылуу 3 айдан 12 айга чейинки ийкемдүү бөлүп төлөө бар

Эми O!Store’дон O!Bank аркылуу 3, 6, 9 же 12 айга бөлүп төлөө менен каалаган түзмөктөрдү сатып алсаңыз болот. Бул — финансылык мүмкүнчүлүктөрүңүз боюнча эң ыңгайлуу төлөө графигин тандоого мүмкүндүк берет.
Ийкемдүү бөлүп төлөөнүн артыкчылыктары
• Ушул жерде жана так ушул учурда жашоонун мүмкүндүгү. Кийинкиге калтырылган жашоо синдромуна «Жок!» деңиз. Бөлүп төлөө заманбап технологияларды жеткиликтүү кылып, эң жакшы мезгилди күтө бербестен дароо азыр смартфонуңузду жаңыртып алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
• Бюджетти башкаруу. Бөлүп төлөө бир чоң сумманы аз-аздан төлөй турган бир нече кичине төлөмдөргө бөлүүгө мүмкүндүк берет.
• Тездик жана жөнөкөйлүк. Сатып алууну паспортуңуз менен бир нече мүнөттө тариздеп, товарды дароо колдонуп баштайсыз.
Сизге документтердин минималдуу топтому талап кылынат
• Эгер кардарда КРдин социалдык фондуна чегерүүлөрү бар болсо — паспортун гана көрсөтүү жетиштүү.
• Эмгек акы тууралуу маалымкат. Эгер бул документ жок болсо, банк тарабынан берилген 12 айдын ичинен 3 айлык активдүүлүгү бар акыркы 3 же 12 ай үчүн алыш-бериш эсебинин көчүрмөсү болсо, бөлүп төлөөнү тариздесе болот.
Бөлүп төлөө 3 миңден 200 миңге чейинки товарларга жарактуу.
Баштапкы төгүм сатып алуучунун каалоосу боюнча жүргүзүлөт, бирок анысы жок деле болот. Сатып алуучу кошумча айып пулдарсыз мөөнөтүнөн мурун төлөө мүмкүндүгүнө ээ.
Кредит «О!Банк» ААК тарабынан берилет, ал кредитти берүүдөн баш тартууга укуктуу. КРУБдун 17.09.2024-ж. №044 лицензиясы.
КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР.