Тышкы соода үчүн каржылоо

O!Bank менен бирге: коопсуз эсептешүүлөр, тобокелдиктерден коргоо жана жүгүртүм капиталыңызды оптимизациялоо

Icon

Эл аралык соода жүргүзгөн компаниялар үчүн

Кепилденген эсептешүүлөр жана финансылык тобокелдиктерден коргоо.

Icon

Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен болгон бизнес үчүн

Бүтүмдүн шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө жана өз убагында төлөө

Icon

Тобокелдиктерден коргонуу керек болгон уюмдар үчүн

Жеткирүүлөрдүн төлөнбөй калышын жана үзгүлтүккө учурап калышын минимизациялоо

Соода каржылоосунун өнүмдөрү

Option Card Image

Банктык кепилдик

Тендерлерде катышууда, контракттарды аткарууда жана бажылык операцияларда колдоп-коштоону камсыздоо менен, өнөктөштөрдүн алдындагы милдеттенмелердин аткарылуусун кепилдейт.

Option Card Image

Документардык аккредитив

Коопсуз эсептешүүлөрдү камсыздайт: банк контракттардын бардык шарттары аткарылгандан кийин гана бүтүмдү төлөп, тобокелдиктерди минимизациялайт

Option Card Image

Документардык инкассо

Төлөмдөрдү алдын ала төлөмсүз көзөмөлдөйт: банк төлөм тастыкталгандан кийин гана документтерди сатып алуучуга өткөрүп берип, тараптардын кызыкчылыктарын коргойт

Банктык чечимдин артыкчылыктары

Option Card Image

Ийкемдүү шарттар жана пайдалуу чендер

Бизнесиңиздин керектөөлөрүн эсепке алуу менен, каржылоого жекече мамиле

Option Card Image

Өтүнмөлөрдү оперативдүү карап чыгуу

Минимум күтүү — чечимдер эң кыска мөөнөттө кабыл алынат

Option Card Image

Оңой тариздөө

Документтердин минималдуу топтому, ашыкча бюрократиясыз

Кызматты кантип колдонсо болот?


Өтүнмө калтырыңыз

Сайттагы кыска таризди толтуруп, байланыш маалыматтарыңызды жана керектүү өнүмдү көрсөтүңүз.


Документтерди даярдап коюңуз

Биздин адис сизге байланышып шарттары тууралуу айтып берет жана зарыл документтерди чогултканга көмөк көрсөтөт


Келишимге кол коюңуз

Кабылдангандан соң келишимге кол коюңуз жана O!Bank'тын финансылык аспаптарын колдонуу мүмкүндүгүнө ээ болуңуз

Көп берилүүчү суроолор

Соода каржылоосу деген эмне?

Соода каржылоосу — бул банктык аспаптардын топтому, ал бизнеске өбөлгө көрсөтүүдө өнөктөштөр менен болгон эсептешүүлөрдөгү тобокелдиктерди минимизациялоого, контракттардын аткарылуусун камсыздоого жана жүгүртүм капиталын башкарууну жакшыртууга жардам берет.

Документардык операциялар деген эмне?

Документардык операциялар — бул банктык кызмат көрсөтүүлөр. Алар келишимдин аткарылбагандыгы, өнүмдөрдүн сапаты, акынын төлөнбөгөндүгү жана валюталык курстардын туруксуздугу сыяктуу экономикалык жана саясий тобокелдиктерден катышуучуларды коргоо үчүн эл аралык соодада колдонулат.

Банктык кепилдик, аккредитив жана инкассо эмнелери менен айырмаланат?

  • Банктык кепилдик — бул эгер тараптардын бири бүтүмдүн шарттарын аткарбаса, сумманы төлөп берүү боюнча банктын милдеттенмеси болуп саналат.
  • Аккредитив — эсептешүүлөрдүн корголгон ыкмасы, бул учурда банк контракттын бардык шарттары аткарылгандан кийин гана товарга төлөйт.
  • Документардык инкассо — төлөм шарттары аткарылгандан соң гана банк документтерди сатып алуучуга өткөрүп берет.

Кызмат көрсөтүүнү тариздөө үчүн кайсы документтер керек?

  • Документтердин тизмеси тандалган аспапка жараша болот. Жалпы учурда сизге төмөнкүлөр керек:
  • Компаниянын уюмдаштыруу документтери
  • Өнөктөш менен болгон келишим
  • Финансылык отчеттуулук
  • Банктын сурамы боюнча кошумча документтер

Өтүнмө канчалык тез каралып чыгат?

Берилген документтерге жараша, өтүнмө бир жана андан көп иш күнүнүн ичинде каралып чыгат.

Кандай комиссиялар жана чендер каралган?

Комиссия тандалган өнүмгө, бүтүмдүн суммасына жана каржылоонун мөөнөттөрүнө жараша болот, тарифтер менен шилтеме аркылуу таанышып чыгыңыз .. Толук эсептөөнү алуу үчүн өтүнмө калтырыңыз, биздин адистер сиз менен байланышат.