ЖИ бир нече мүнөттө: O!Business тиркемесинен онлайн ачыңыз

O!Bank ишкерлер үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү улантууда.

Эми O!Business тиркемесинде жаңы функция жеткиликтүү — жеке ишкердикти (ЖИ) үйдөн чыкпай туруп онлайн каттоо. Бул — болгону бир нече мүнөттүн ичинде бизнес баштоонун тез жана ыңгайлуу жолу.

Колдонуучуларга мындан ары салык кызматына баруунун же кагаз документтерди чогултуунун кажети жок — бүт процесс аралыктан жана максималдуу түрдө тез жүргүзүлөт.

Кандай артыкчылыктары бар?

• Салык кызматына барбастан — бүт процедура тиркемеден онлайн өтөт.

• Тез — каттоо болгону бир нече мүнөттү алат.

• Оңой — бардыгы бир тиркемеде: ЖИни каттоодон баштап бизнести жүргүзүүгө чейин.

• Ыңгайлуу — банктын иш графигине байланбастан 24/7 бою эсепти башкаруу жана төлөмдөрдү жөнөтүү мүмкүндүгү.

Мындан тышкары, ЖИ ачылгандан соң O!Business’тин колдонуучуларына башка да пайдалуу сунуштар жеткиликтүү:

• Акысыз POS-терминалдар — комиссиясыз.

ККМ акысыз.

• Овердрафттар 200 000 сомго чейин.

• Онлайн-кредиттер 200 000 сомго чейин.

• Visa Business картасы — популярдуу капчыктарга жана банкингдерге акысыз которуулар менен.

Кантип катталуу керек? 

• O!Business’ти ачыңыз  → «Кардар болуу» → «ЖИ онлайн тариздөө».

• Инсандыкты текшерүүдөн өтүңүз.

• Өтүнмөнү толтуруңуз.

• Документтерге онлайн кол коюңуз.

O!Bank’тын жаңы функциясы менен жеке ишиңизди баштоо мурдагыдан да оңой!

O!Business тиркемесин App Store’дон же Google Play’ден каалаган оператордун SIM-картасы менен жүктөп алыңыз.