Топтолмо эсеп

Пайыздарды жоготпостон каалаган учурда каражаттарды толуктаңыз жана чыгарыңыз

Тиркемени жүктөп алуу үчүн QR'ды сканерлеңиз

Тиркемени жүктөп алуу үчүн QR'ды сканерлеңиз

Артыкчылыктар

7% туруктуу киреше

Күн сайын чегеребиз, ай сайын төлөп беребиз

7% туруктуу киреше

Эркин жеткиликтүүлүк

Пайыздарды жоготпостон толуктаңыз жана чыгарыңыз

Эркин жеткиликтүүлүк

Оңой ачуу

Бир нече мүнөттө «Мой О!» супераппынан

Оңой ачуу

Топтолмо эсеп кантип иштейт?

Эсепти ачыңыз

Бир нече мүнөттө «Мой О!» тиркемесинен

1000 сомдон жогору толуктаңыз

Пайыздарды чегерүү ушул суммадан башталат

Пайыздар — күн сайын

Минималдуу калдыкка чегерилет

Төлөп берүү — айына бир жолу

Айдын биринчи иш күнү

Каалаган учурда чыгарып алыңыз

Пайыздарды жоготпостон 24/7

Шарттар

Валютасом (KGS)
Ченжылдык 7%
Минималдуу калдык1000 сом
Максималдуу пайыздарбир календардык айда 25 000 сомго чейин
Чегерүүкүн сайын бир күндөгү минималдуу калдык боюнча
Капиталдаштырууар бир айдын биринчи иш күнү
Толуктоо/чыгаруучектөөлөрсүз
Эсептердин бир кардар үчүн бир эсеп

Калькулятор

Эсептеги күн сайынкы калдык
Күн сайынкы чегерүү5.75 c
Жакынкы бир айдагы кирешенин божомолу172.60 c
Бир жылдагы кирешенин божомолу2100.00 c

Алдын ала эсептөө. Жалпыга ачык оферта болуп саналбайт.

Сом түрүндөгү жылдык 7,23% ЖНПЧ бир айдагы чегерүүлөрдүн 25 000 сомдук лимитине жеткенге чейин колдонулат.

security icon

O!Bank КРдин депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат. КРдин «Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, бардык аманаттар камсыздандырылган, жана кепилдик учуру келгенде аманатчылар 1 миллион сомго чейин алышат. Толук маалымат deposit.kg сайтында.

Эсепти кантип 2 мүнөттө ачса болот?

«Мой О!» тиркемесинен O!Bank бөлүмүн ачыңыз

«Топтолмолор» бөлүмүнө өтүңүз

Өнүмдөрдүн тизмесинен «Топтолмо эсеп» баскычын тандаңыз

«Эсепти ачуу» баскычын басып, аракеттериңизди ырастаңыз

Эсеп ачылды — аны дароо азыр же кийинчерээк толуктасаңыз болот

Көп берилүүчү суроолор

Топтолмо эсеп деген эмне?

Топтолмо эсеп — бул депозит сыяктуу, бирок андан ийкемдүүрөөк. Акча каалаган учурда жеткиликтүү, ал эми пайыздар күн сайын 1 000 сомдон жогору болгон минималдуу калдык боюнча чегерилет.

Топтолмо эсеп менен классикалык депозиттин айырмасы эмнеде?

Чендин мындан жогору болушу үчүн, депозит акчаны бир нече мөөнөткө «токтотуп турат». Топтолмо эсеп пайыздарды жоготпостон толуктоо жана чыгарып алуу эркиндигин тартуулайт.

Бир нече топтолмо эсепти ачса болобу?

Жок. Бир кардар — бир эсеп.

Топтолмо эсепти кантип толукташ керек?

O!Bank бөлүмүнөн эсепти тандаңыз, «Толуктоо» баскычын басып, сумманы көрсөтүңүз — акча заматта чегерилет, операция тарыхта пайда болот.

Толуктоонун минималдуу суммасы барбы?

Жок, бирок бир күндүк минималдуу калдык 1 000 сомдон жогору болгондо гана пайыздар чегерилет.

Акчаны кантип чыгарыш керек жана пайыздык чен эмне болот?

Эсепти тандаңыз, «Чыгаруу» баскычын басып, алуучу эсепти тандаңыз. Каражаттар чыгарып алынгандан кийин, пайыздардын чегерилүүсү калган калдыкка колдонуудагы чен боюнча улантыла берет.

Пайыздарды капиталдаштыруу качан жүргүзүлөт?

Ар бир айдын биринчи иш күнү: өткөн календардык ай ичиндеги бүт киреше «+» белгиси бар бир операция менен чегерилет.

Топтолмо эсеп боюнча кирешенин лимити барбы?

Ооба, максималдуу төлөп берүү — бир календардык айга 25 000 сом.

Эгер акчаны күндүз чыгарып алсам, пайыздар кайсы суммага чегерилет?

Банк күндүн минималдуу калдыгын алат. Мисалы: 10 000 сом бар болчу, 6 000 сом чыгарып алынды → пайыздар 4 000 сомдук калдыкка чегерилет.

Операциялардын тарыхын жана көчүрмөнү кантип караса болот??

Эсептин ичинен «Бардык операциялар» → «Көчүрмө» → «Сактоо» же «Бөлүшүү» баскычтарын басыңыз. Документти жүктөп алса же мессенджерге жөнөтсө болот.

Топтолмо эсептин аталышын өзгөртсө болобу?

Ооба. «Аталышын өзгөртүү» баскычын басып, максатын же аталышын («Эс алуу», «Кам акча» ж.б.) көрсөтүңүз — жаңы аты тиркемеде дароо көрсөтүлөт.

Депозиттик калькулятор кантип иштейт?

Орточо калдыкты териңиз — калькулятор болжолдуу кирешени көрсөтөт жана 25 000 сомдук бир айлык лимитти эсепке алат.

Депозит боюнча пайыздарды капиталдаштыруу деген эмне?

Топтолгон пайыздар да кирешени алып келүүсү үчүн, ошол пайыздарды баланска автоматтык түрдө кошуу.

Эгер дем алыш болсо, пайыздар кантип эсептелет?

Дем алыш күндөрдөгү пайыздар ал күндөрдөн кийинки биринчи иш күнүндө чегерилет. Мисалы, ишемби менен жекшемби үчүн — дүйшөмбүдө.

Аманаттын коопсуздугу боюнча кандай кепилдиктер бар?

O!Bank депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат. КРдин «Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, бардык аманаттар камсыздандырылган, жана кепилдик учуру келгенде аманатчылар 1 миллион сомго чейин алышат.