ККМ кызматы бар Smart POS-терминал

Карталар жана QR боюнча пайдалуу тарифтер

Жаңы өнөктөштөр үчүн идеалдуу старт

  • Жабдыктардан үнөмдөңүз

    Төлөмдөр жана чектер үчүн бир түзмөк: кайсы болбосун банктык карталары, QR жана ККМ

  • Көбүрөөк акча табыңыз

    Жашыруун комиссиясыз жана айып пулдарсыз ачык-айрым шарттар

  • Акысыз баштаңыз

    Тез туташтыруу жана бизнесиңиз үчүн даяр чечим

Эмне үчүн O!Bank'ты тандоо керек

  • choice icon1

    Бир түзмөктөн карта жана QR коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу

  • choice icon2

    Оңой жана акысыз орнотуу

    Акысыз
  • choice icon3

    Акысыз тейлөө жана операцияларды ыңгайлуу көзөмөлдөө

    Акысыз
  • choice icon4

    Фискалдык чектерди түзүү жана маалыматтарды Салык кызматына жөнөтүү

  • choice icon5

    Кайсы болбосун банктын банктык эсеби жана 1С менен интеграциялоо

  • choice icon6

    Бардык төлөмдөрдүн коопсуздугуна кепилдик

Көп берилүүчү суроолор

POS-терминал акысыз берилет.

Комиссия төлөм кабыл алууда гана алынат:

1,5% — банктык карта менен төлөөдө жана 1% — QR-код аркылуу төлөөдө.

  • Түзмөк интуитивдик түшүнүктүү интерфейси менен Android’дин негизинде иштейт;
  • «Бирөөндө үчөө» POS-терминалы — ELQR, карталар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алат жана ал ККМ функциясы менен;
  • Сатып алуучуларыңызды тейлөөнүн ылдамдыгын жогорулатуу;
  • Бардык салыктарды жана алымдарды эсепке алуу менен пайдалуу комиссиялар;
  • Техникалык тейлөө — акысыз.

Жок, O!Bank’тын POS-терминалынын өзүндө ККМ функциясы бар. Бардык чектер фискалдаштырылып, иштелип чыгып, МСКга жөнөтүлөт. POS-терминал фискалдаштыруу тууралуу жана төлөм тууралуу маалыматты камтыган бирдиктүү чекти басып чыгарат. КРдин Салык кодексинин талаптары боюнча, ELQR же POS-терминал аркылуу жүргүзүлгөн кайсы болбосун сатып алуу үчүн кардарга фискалдык (кассалык) чекти берүү зарыл.

Тейлөө акысыз, анын ичинде: оңдоо, техникалык тейлөө жана туруктуу интернет байланышы үчүн атайын тариф бар. Өнөктөшкө берилген POS-терминалды жоготуп, бузуп алуу, уурдатуу же жоготуп алуу учурлары буга кирбейт.

Ооба, кайсы болбосун товардык-эсептик система же ККМ менен интеграциялоо мүмкүн. Биздин адистер API-протоколдорду беришет жана интеграциялоо процессин толугу менен коштоп беришет, бул акысыз.

Өтүнмө берилген учурдан баштап тариздөө, жөндөө жана түзмөк менен иштөөнү үйрөтүүгө чейин — 1-2 күн.

Жарнамалык материалдар Оператор тарабынан акысыз берилет.

3000 сомдон жогорку төлөмдү жүргүзүүдө PIN-кодду терүү зарыл.

Ооба, терминалдарды бардык түйүндөргө орнотсо болот. Адистер түзмөктөрдү тез арада жеткирип берип, жөндөп, кызматкерлериңизди үйрөтүшөт.

POS-терминалга өтүнмө тариздөөдө бар болгон алыш-бериш эсебин көрсөтсө болот, же болбосо Whatsapp же Telegram мессенджерлеринен өтүнмө калтырып, О!Bank’тан жаңы эсепти ачуу мүмкүн.

  • App Store’дон же Google Play’ден О!Business тиркемесин жүктөп алыңыз.
  • ИСНди жана телефон номерин териңиз;
  • паспорттун эки бетин сүрөткө тартып, видеоидентификациядан өтүңүз;
  • патенттин же күбөлүктүн сүрөтүн көрсөтүңүз жана тиркеңиз;
  • SMS’теги кодду терип, сыр сөз ойлоп табыңыз;
  • ийгиликтүү катталгандан соң «Эсептер жана карталар» бөлүмүнө өтүп, «+» белгисин басыңыз;
  • акча каражаттарынын болжолдонгон жүргүртүмүн көрсөтүңүз;
  • эсептин валютасын сом түрүндө тандаңыз;
  • SMS’теги кодду терип, эсеп ачылгандыгы тууралуу билдирүүнү күтүңүз.

Толук нускама менен ушул жерден таанышып чыкса болот.

Зарыл документтердин тизмесин ушул жерден алса болот