Бизнести O!Business тиркемесинен башкарыңыз

QR жана шилтеме төлөмдөргө 0% комиссия жаңы кардарларга

O!Business — Кыргызстандагы ишкерлер үчүн тиркеме

O!Business — бул O!Bank'тын мобилдик тиркемеси. Тиркемеден ЖИни онлайн ачса, алыш-бериш эсебин акысыз алса жана ошол эле күнү кардарлардан төлөмдөрдү кабыл алып баштаса болот. Каттоо салык кызматына барбастан жана кагаздарсыз жүргүзүлөт: түздөн-түз телефондон идентификациядан өтүп, ЖИ катталгандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болосуз. Эсеп ачылгандан кийин сизге комиссиясыз QR-эквайринг, POS-терминал, бизнес-кредиттер, которуулар жана бухгалтерия үчүн көчүрмөлөр жеткиликтүү болот — баары бир тиркемеде.

Комиссиясыз

Комиссиясыз

Бардык QR-төлөмдөр жана шилтеме аркылуу төлөмдөр үчүн

Чектөөсүз

Чектөөсүз

Жүгүртүм 200 миңби же 20 миллионбу — шарттар бирдей

Тез

Тез

Эсепке заматта чегерүү жана Visa Business аркылуу чыгарып алуу

Бизнести бир тиркемеден башкарыңыз

O!Business'ти жүктөп алуу

QR-эквайринг 0%

Жылдын аягына чейин

Комиссиясыз жана жүгүртүм боюнча чектөөсүз

ЖИни онлайн каттоо

Акысыз

Түздөн-түз тиркемеден — кезекке турбастан, кагаздарсыз, бир-эки мүнөттө

Алыш-бериш эсеби

Акысыз

Ачуу жана жүргүзүү — 0 сом. Ай сайынкы төлөмдөр жок

Visa Business — чыгарып алуу 0%

Комиссиясыз

Өлкөнүн бардык банкоматтары аркылуу бизнес-картадан накталай акчаны комиссиясыз чыгарып алыңыз

Кредиттер жана овердрафт

Онлайн өтүнмө берүү, бизнести өнүктүрүү үчүн банкка барбастан акча алуу

Төлөмдөр 24/7

Каалаган убакта акча которуу жана эсепти башкаруу — дем алышсыз жана чектөөлөрсүз

Баары бухгалтерия үчүн

Каалаган мезгил үчүн эсеп боюнча көчүрмө алуу, операциялар боюнча фильтрлөө жана POS-терминалдардагы төлөмдөр боюнча реестрлер

Жеке менеджер

Чат-бот эмес, чыныгы адам. Эсеп ачылгандан баштап биринчи көчүрмөгө чейин бизнесиңизди коштоп жүрөт

Төлөмдү шилтеме аркылуу кабыл алыңыз

Шилтеме O!Business’те бир-эки басуу менен түзүлөт — сайттын жана терминалдын кереги жок

2026-жылдын 31-декабрына чейин жаңы кардарларга 0% комиссия

Шилтемени WhatsApp, Telegram же Instagram аркылуу жөнөтүңүз

arrow

Кардар төлөмдүн даяр баракчасын ачат

arrow

Өз банкын тандап, төлөмдү ырастайт

arrow

Акча сиздин алыш-бериш эсебиңизге түшөт

Бул кантип иштейт?

01

Шилтемени түзүңүз

O!Business'тен «Төлөмдөр» → «Төлөм кабыл алуу» бөлүмдөрүн ачыңыз

02

Кардарга жөнөтүңүз

Шилтемени көчүрүп алып, WhatsApp, Telegram, Instagram же башка мессенджер аркылуу жөнөтүңүз

03

Кардар төлөйт

Өз банкын тандап, төлөмдү ырастайт

ЖИ жана эсебиңиз жокпу?

Түздөн-түз тиркемеден ЖИни онлайн ачыңыз

Каттоо телефондон башталат — кезектерсиз жана кагаздарсыз. ИСН, КР жаранынын паспорту жана электрондук кол тамга керек болот. O!Business`тен ЖИ ачууга өтүнмөнү тариздегенден кийин, «Түндүк» тиркемесинен ЖИ катталгандыгы тууралуу күбөлүктү аласыз. Макамы 3 күндүн ичинде таризделет. Андан соң O!Business тиркемесинен видеоидентификациядан өтөсүз, алыш-бериш эсеби автоматтык түрдө ачылат.

Тиркемени толугу менен колдонуу мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн, банктын кеңсесинен бир жолу идентификациядан өтүшүңүз керек — андан кийин сизге O!Business`тин бардык мүмкүнчүлүктөрү жеткиликтүү болот. Ошол эле жерден Visa Business картасына жана POS-терминалга өтүнмө берсеңиз болот.

ЖИни кантип онлайн каттоо керек?

1

O!Business'ти ачып, «ЖИ онлайн тариздөө» баскычын басыңыз

2

Паспорт менен идентификациядан өтүңүз

3

Өтүнмөнү толтуруңуз

4

Документтерге онлайн кол коюңуз

5

ЖИ күбөлүгүн алыңыз

Бүтүндөй бизнесиңиз эми телефондо

O!Business`те бардык эсептериңизди жана карталарыңызды бир жерден көрөсүз: балансты, операциялардын тарыхын жана каалаган мезгил үчүн көчүрмөлөрдү фильтрлер жана PDF`ке жүктөө менен. Которуулар жана төлөмдөр күнү-түнү жеткиликтүү — дем алышсыз жана чектөөлөрсүз. Каалаган банкоматтан Visa Business картасы аркылуу накталай акчаны комиссиясыз чыгарып алуу. Ал эми компьютерден иштеген ыңгайлуураак болсо — негизги операциялар O!Business`тин веб-версиясында да жеткиликтүү.

Эмне үчүн ишкерлер O!Business'ти тандашат?

Колдонуп баштоо

Ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк

  • ЖИ каттоо жана эсеп ачуу — онлайн
  • Эсептерди жана төлөмдөрдү 24/7 башкаруу
  • Баланс, тарых жана көчүрмөлөр — ар дайым кол алдыңызда

Финансылык ийкемдүүлүк

  • Эсепти ачуу жана тейлөө — акысыз
  • КРдин бардык кассаларынан жана банкоматтарынан акысыз накталатуу
  • Кредиттер жана овердрафттар — онлайн, кагаз жүзүндөгү убарасыз

Көзөмөл жана ачык-айкындык

  • Операциялардын тарыхы, көчүрмөлөрдү фильтрлөө жана PDF'ке жүктөө
  • Бизнесиңизди коштоо үчүн жеке менеджер
  • Бухгалтерия жана текшерүүлөр үчүн тез финансылык отчеттуулук

Бизнес үчүн O!Bank'тын өнүмдөрү

Бизнес-кредит

Бизнес-кредит

Суммасы15 миң сомдон баштапМөөнөтү3 айдан 60 айга чейинЧени17% баштап/ЖНПЧ 18,28% баштап
Кененирээк
POS-терминал

POS-терминал

Комиссия1%данОрнотууАкысызТейлөөАкысыз
Кененирээк
Онлайн бизнес-кредит

Онлайн бизнес-кредит

Суммасы200 000 сомго чейинМөөнөтү3 айдан 24 айга чейинЧени20%/ЖНПЧ 21,81% баштап
Алуу
Соода каржылоосу

Соода каржылоосу

Банктык кепилдикДокументардык аккредитивДокументардык инкассо
Алуу

Көп берилүүчү суроолор

ИСН, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана булуттук электрондук кол тамга (БЭК) керек. Бардык кадамдар онлайн өтөт — O!Business тиркемесинен. Ийгиликтүү өткөндөн кийин ЖИ каттоо тууралуу күбөлүктү аласыз.

Аралыктан идентификациядан өтүш керек. Тиркемеден видеоидентификациялоодон өткөндөн кийин эсеп автоматтык түрдө ачылат. Банкка баруунун кажети жок.

  • Эсепти ачуу жана жүргүзүү — акысыз.
  • Эсептик-кассалык тейлөөнүн толук тарифтерин бул жерден көрсөңүз болот.

Паспорт, ЖИ каттоо тууралуу күбөлүк же патент.

O!Business аркылуу ЖИ каттоо — акысыз. Эсепти ачуу жана жүргүзүү — акысыз.

ЖИ каттоого 15 мүнөт кетет. Эсепти ачуу жана картаны чыгаруу/POS-терминалды туташтыруу 2-3 иш күндүн ичинде мүмкүн.

Мыйзамдарга ылайык, офлайн-идентификация зарыл. Филиалга барганда же келүүчү өкүлгө жолукканда — мисалы, картаны же POS-терминалды жеткирүүдө — лимитти жогорулатса болот.

Ыңгайлуу жолдорунун бирин тандаңыз:

  • Шилтеме аркылуу сайттан өтүнмө калтырыңыз
  • 0705 000 303 номери боюнча өтүнмөнү тариздеңиз: 0705 000 303
  • O!Store’дун каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз

Бизнес-картаны O!Bank’тын каалаган филиалынан тариздей аласыз.