O!Bank'тагы депозиттер

Сом, доллар жана евро түрүндө ишенимдүү аманаттар

Депозитти тандоо

Пайдаңызды эсептеп чыгыңыз

Депозиттин суммасы

Мезгил ичинде топтолгон пайыздар

1 832,91 с

Мөөнөттүн аягындагы сумма

11 832,91 с

    Алдын ала эсептөө. Жалпыга ачык оферта болуп саналбайт.

    ЖНПЧ сом түрүндө жылдык 13.2%га чейин

Аманаттарыңыз корголгон

O!Bank — Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу. Аманаттарыңыз мамлекет тарабынан 1 000 000 сомго чейинки суммага камсыздандырылган. Кененирээк — deposit.kg сайтында.

Депозитти максатыңызга жараша тандаңыз

Сакта

Бүт мөөнөт үчүн белгиленген жогору чен, толуктоосуз

Валюта
сом
Жылдык % чен
12,5%га чейин
Пайыздарды төлөө
Ай сайын
Кененирээк
Сакта image

Топтогуч-плюс

Ай сайын киреше, мөөнөттүн биринчи жарымында толуктоо

Валюта
сом / АКШ доллары / евро
Жылдык % чен
11,5% / 2,5% / 1% чейин
Пайыздарды төлөө
Ай сайын
Кененирээк
Топтогуч-плюс image

Базалык-плюс

Чектөөсүз толуктоо жана айына бир жолу чыгаруу

Валюта
сом / АКШ доллары
Жылдык % чен
9,5% / 1,5% чейин
Пайыздарды төлөө
Мөөнөттүн аягында
Кененирээк
Базалык-плюс image

Издегениңизди тапкан жоксузбу?

Карталар

Карталар

2%га чейин кешбэкЗаматта чыгарууApple Pay жана Google Pay
Кененирээк
Онлайн-кредит

Онлайн-кредит

Суммасы200 000 сомго чейинМөөнөтү3 айдан 24 айга чейинЧени26,99% / ЖНПЧ 30,67%дан баштап
Кененирээк
Ипотека

Ипотека

Суммасы12,75 млн сомго чейинМөөнөтү6 айдан 120 айга чейинЧени15,5% / ЖНПЧ 16,70%дан баштап
Кененирээк
Автокредит

Автокредит

Суммасы8,5 млн сомго чейинМөөнөтү3 айдан 48 айга чейинЧени22% / ЖНПЧ 24,42%дан баштап
Кененирээк

Көп берилүүчү суроолор

O!Bank жеке жактар үчүн үч депозитти сунуштайт:

  • «Сакта» — эң жогору чен менен сом түрүндөгү мөөнөттүү депозит: жылдык 12,5%га чейин. Тандалган мөөнөткө белгиленген сумманы жайгаштыруу үчүн туура келет.
  • «Топтогуч-плюс» — пайыздары ай сайын төлөнгөн сом, АКШ доллары жана евро түрүндөгү толукталчу депозит. Регулярдуу аманаттарга туура келет.
  • «Базалык-плюс» — толуктоо жана жарым-жартылай чыгаруу мүмкүндүгү бар сом жана АКШ доллары түрүндөгү депозит. Кирешелүүлүктү жана каражаттардын бөлүгүнө жеткиликтүүлүктү айкалыштырат.
  • сом түрүндө — бардык үч депозитти;
  • АКШ доллары түрүндө — «Топтогуч-плюс» жана «Базалык-плюс»;
  • евро түрүндө — «Топтогуч-плюс» гана.

«Сакта» жана «Топтогуч-плюс» депозиттерин «Мой О!» тиркемесинен онлайн ачса болот:

  • «Депозит» бөлүмүн ачып, «Ачуу» баскычын басыңыз;
  • депозитти, анын мөөнөтүн жана суммасын тандаңыз;
  • документтерге онлайн түрүндө кол коюңуз.

Ошондой эле, бул депозиттерди каалаган O!Bank кеңсесине инсандыгыңызды тастыктаган документ менен келип тариздесеңиз да болот.

«Базалык-плюс» депозити банктын бөлүмдөрүндө гана таризделет. Ачкандан кийин ал «Мой О!» тиркемесинде көрсөтүлөт.

«Топтогуч-плюс» — 1 000 сом, 10 АКШ доллары же 10 евро;

«Сакта» — 10 000 сом;

«Базалык-плюс» — 15 000 сом же 200 АКШ доллары.

  • «Сакта» — толуктоо жана жарым-жартылай чыгаруу каралган эмес.
  • «Топтогуч-плюс» — толуктоо мөөнөттүн биринчи жарымында жеткиликтүү, жарым-жартылай чыгаруу каралган эмес.
  • «Базалык-плюс» — чектөөсүз толуктоо, жарым-жартылай чыгаруу бир айда бир эле жолу. Төмөндөтүлбөгөн калдык учурдагы күндүн суммасынан 80% түзөт, бирок 15 000 сомдон же 200 АКШ долларынан төмөн эмес.

Пайыздар каражаттар түшкөн күндөн кийинки күндөн тарта чегерилип баштайт. Ар бир айы 30 күндү түзгөн, 360 күндөн турган шарттуу жылдын негизинде эсеп жүргүзүлөт.

«Сакта» жана «Топтогуч-плюс» депозиттери боюнча пайыздар күн сайын чегерилип, ай сайын байланган банктык эсепке төлөнөт.

«Базалык-плюс» депозити боюнча пайыздар мөөнөттүн аягында төлөнөт.

«Сакта» жана «Топтогуч-плюс» депозиттери боюнча капиталдаштыруу каралган эмес. «Топтогуч-плюс» депозитинин ээлери төлөнгөн пайыздарды кайра депозитке өз алдынча чегере алышат.

«Сакта» — чегерилген бардык пайыздар жокко чыгарылат, кардарга депозиттин негизги суммасы кайтарылат.

«Топтогуч-плюс», 12 айлык мөөнөт — 6 айдан кийин жабылса чегерилген пайыздардын 50% төлөнөт, 9 айдан кийин — 60%. Мөөнөтү 3 же 6 ай болсо, пайыздар төлөнбөйт.

«Базалык-плюс» — чегерилген бардык пайыздар жокко чыгарылат, кардарга депозиттин негизги суммасы кайтарылат.

Ооба. Мөөнөтү аяктагандан кийин депозит ошол эле мөөнөткө, узартуу датасында колдонулган чен боюнча узартылат. «Сакта» депозити үчүн автоузартууну «Мой О!» тиркемесинен депозит ачылгандан кийин күйгүзсө же өчүрсө болот: депозит боюнча аракеттер бөлүмүнөн.

«Сакта» жана «Топтогуч-плюс» депозиттерин «Мой О!» тиркемесинен жапса болот: депозитти тандаңыз, «Аракеттер» → «Депозитти жабуу» баскычтарын басып, операцияны ырастаңыз. Эгер сумма онлайн-операциялардын лимитинен жогору болсо же тиркемеде техникалык иштер болуп жатса, депозитти O!Bank кеңсесинен жапса болот.

«Сакта» жана «Топтогуч-плюс» депозиттеринин саны чектелген эмес.

Ооба. 4 000 000 сомдон (же чет өлкөлүк валютадагы эквиваленттен) жогорку суммалар үчүн, кардардын арызынын негизинде банк жеке шарттарды карап чыга алат.

Топтолмо эсеп жаңы ачуу үчүн жеткиликсиз. Мурда ачылган эсептердин тейлөөсү уланууда. Толуктоосу бар регулярдуу аманаттарга «Топтогуч-плюс» депозити туура келет.

Ооба. O!Bank Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат. КРдин «Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, бардык аманаттар камсыздандырылган: кепилденген учур келгенде ар бир аманатчыга 1 000 000 сомго чейин төлөнүп берилет. Кененирээк — deposit.kg сайтында.