Топтогуч-плюс

Пайыздарды ай сайын төлөп берүүчү онлайн-депозит

qr code for download app

Тиркемени жүктөп алуу үчүн QR'ды сканерлеңиз

icon

Пайдалуу чен

Сом түрүндө жылдык 12,5% чейин, доллар - 3% жана евро - 1% чейин

icon

Туруктуу киреше

Пайыздарды ай сайын төлөө

icon

Толуктоо мүмкүндүгү

Мөөнөттүн биринчи жарымында сумма боюнча чектөөлөрсүз

icon

Салымдардын коопсуздугу

Аманаттарды коргоонун кепилдиги 1 000 000 сомго чейин

«Топтогуч-плюс» депозитинин пайдасын эсептеп чыгыңыз

Депозиттин суммасы

Мезгил ичинде топтолгон пайыздар

125 с

Мөөнөттүн аягындагы сумма

1125.00 с

    Алдын ала эсептөө. Жалпыга ачык оферта болуп саналбайт.

    Мөөнөтүнөн мурда жабууда пайыздарды төлөө

    6 айдан жогору - чегерүүлөрдүн 50%

    9 айдан жогору - чегерүүлөрдүн 60%

    2025-жылдын 19-мартына чейин ачылган депозиттер үчүн, үстөк пайыздар мөөнөтүнөн мурда жабылганда төлөнбөйт

    ЖЭПЧ жылына 13,44%ке чейин сом менен

Депозиттин шарттары

  • success icon

    Пайыздарды ай сайын төлөө

  • success icon

    Активдүү толуктоо мезгили – мөөнөттүн биринчи жарымы

  • success icon

    Мөөнөтүнөн мурда жабууда пайыздардын бөлүгүн төлөө

  • success icon

    Каражаттарды жарым-жартылай чыгаруу каралган эмес

  • success icon

    Депозиттин минималдуу суммасы 1000 сом, 10 доллар, 10 евро

  • success icon

    Тариздөө — «Мой О!» тиркемесинен онлайн же O!Bank’тын кеңселеринен

Бардык чендер

Мезгил% чен, KGS% чен, USD% чен, EUR
3 ай5%0,5%0,3%
6 ай8%1%0,5%
12 ай12,5%3%1%
24 ай12%2,5%1%

Депозитти «Мой О!» тиркемесинен кантип ачат?

    step

    1 - кадам

    Башкы беттен O!Bank бөлүмүн тандаңыз

    step

    2 - кадам

    «Депозиттер» бөлүмүнө өтүп, «Ачуу» баскычын басыңыз

    step

    3 - кадам

    Бардык тилкелерди толтуруп, маалыматтарды ырастаңыз

    step

    4 - кадам

    Документтерге онлайн кол коюңуз

    step

    5 - кадам

    Даяр! Депозит O!Bank бөлүмүндө көрсөтүлөт

Көп берилүүчү суроолор

Депозит деген эмне жана ал Кыргызстанда кандай иштейт?

Депозит (же аманат) – бул акчаны сактоо жана көбөйтүү жолу. Сиз акчаны банкка белгилүү бир мөөнөткө саласыз, ал эми банк пайыздарды чегерет. O!Bank'та кирешелүүлүгү жылына 13%га чейин ыңгайлуу онлайн-депозиттерди сом менен, ошондой эле АКШ доллары (USD) жана евро (EUR) менен ачууга болот. Депозиттин мөөнөтү – 3 айдан 24 айга чейин. Бул Кыргызстанда капиталды топтоонун жана көбөйтүүнүн эң ишенимдүү жана пайдалуу жолу.

Депозитти кантип ачууга болот?

КР жарандары үчүн — «Мой О!» супер тиркемесинде:

  • Башкы экрандан «Депозиттер» → «Ачуу» баскычын басыңыз
  • Мөөнөтүн жана суммасын тандаңыз
  • Документтерге онлайн кол коюңуз
  • Депозит «O!Bank» бөлүмүндө чыгат.

Чет өлкө жарандары үчүн — каалаган O!Bank бөлүмүндө, өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ менен.

Филиалда ачылган депозит да «Мой О!» тиркемесине чыгат.

Депозитти кантип толуктоо керек?

Тиркеменин «Депозиттер» бөлүмүндө – комиссиясыз.

Башка мобилдик тиркемелер же төлөм терминалдары аркылуу: «O!Bank депозиттерин толуктоо».

Долларлык депозиттик эсепти кантип толуктоо керек?

O!Bank мобилдик тиркемесинин «Өз эсептеринин ортосунда которуулар» бөлүмүндө, ошондой эле O!Bank бөлүмдөрүнүн кассалары аркылуу.

Пайыздар кантип чегерилет жана төлөнөт?

Пайыздар күн сайын күндүн башында калган сумма боюнча чегерилет, ал эми пайыздарды төлөп берүү ай сайын банктык эсепке жүргүзүлөт. Мында төлөнгөн пайыздарды кайра депозитке салууга болот.

Депозиттен каражаттарды жарым-жартылай чыгарып алса болобу?

«Топтогуч-плюс» депозитинен жарым-жартылай чыгаруу мүмкүн эмес.

Депозитти мөөнөтүнөн эрте жапсам эмне болот?

Эгер депозит 12 же 24 айга ачылган болсо:

  • 6 айдан кийин жабылса — чегерилген пайыздардын 50% төлөнөт;
  • 9 айдан кийин жабылса — чегерилген пайыздардын 60% төлөнөт.

Эгер депозит 3 же 6 айга ачылган болсо, мөөнөтүнөн мурда жабууда пайыздар төлөнбөйт — чегерилген пайыздардын толук суммасы жокко чыгарылат.

2025-жылдын 19-мартына чейин ачылган депозиттер үчүн, мөөнөтүнөн мурда жабылганда үстөк пайыздар төлөнбөйт

Мен канча депозит ача алам?

Сиз каалаган санда депозит ачсаңыз болот — чектөөлөр жок.

Капчыктар жана банк эсептери аркылуу депозиттик эсепке которуунун жеткиликтүү суммасы канча?

Онлайн-идентификацияланган колдонуучулар үчүн – бир жолу 10 000 сом.

Офлайн-идентификацияланган колдонуучулар үчүн лимит төлөм булагына жараша болот:

  • картадан – суткасына 700 000 сом
  • капчыктан – бир жолу 300 000 сом
  • эсептен – лимит жок

Депозит кандай чен менен узартылат?

Депозит мөөнөтүн узартуу учурунда колдонулуп жаткан чен боюнча узартылат. Мисалы, эгерде сиздин депозитиңиз апрель айына чейин 16% болсо, ал эми апрель айында чен 14%га өзгөрсө, анда депозит 14% чен менен узартылат.

Депозиттик эсептин номерин кантип табууга болот?

«Мой О!» тиркемесин, андан кийин «О!Bank» ачыңыз, ачылган депозитти тандап, «Депозиттин чоо-жайын» басыңыз.

Каражаттардын коопсуздугуна кепилдик берилеби?

O!Bank Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат, бул кепилдик учуру келгенде ар бир аманатчыга 1 миллион сомго чейин төлөм төлөнөрүнө кепилдик берет. Толук маалымат — deposit.kg сайтында.

Ачылган депозит боюнча документтерди кантип алууга болот?

Депозиттин «Деталдар» барагына өтүңүз — «Документтер» бөлүмүндө бардык жеткиликтүү документтерди көрүп жана жүктөп алсаңыз болот.

Депозитти кантип жабуу керек?

Депозитти «Мой О!» тиркемесинен эле жапсаңыз болот:

  • 1. «O!Bank»ты ачыңыз → «Топтоолор»
  • 2. Керектүү депозитиңизди тандап, «Аракеттер» → «Депозитти жабуу» баскычын басыңыз
  • 3. Жабуу шарттары менен таанышыңыз
  • 4. Жабуу себебин тандап, аракетти ырастаңыз
  • 5. Каражаттар тиркелген банктык эсепке түшөт

Маанилүү:

  • Мөөнөтүнөн мурда жапканда пайыздардын бир бөлүгү же бардыгы кармалып калышы мүмкүн — ырастоодон мурда экрандагы шарттарды кылдаттык менен текшериңиз.
  • Каражаттар жабылгандан кийин дароо чегерилет (кээде — жумушчу күндүн ичинде).

Онлайн жабуу төмөнкү учурларда жеткиликсиз болушу мүмкүн:

  • Сумма колдонмодо жабууга жол берилген лимиттен ашат. 200 000 сомдон, 2 300 доллардан же 2 000 евродон ашкан депозитти жабуу үчүн O!Bankтын бөлүмүнө кайрылыңыз.
  • Техникалык иштер жүргүзүлүп жатат.

Депозит боюнча пайыздар кантип эсептелет?

Пайыздар күн сайын депозиттин ошол учурдагы калдыгына карата чегерилет жана формула боюнча эсептелет (бир жыл = 360 күн):

Бир күндүк пайыздар = (Эсептеги сумма × Жылдык чен) / 360

Пайыздар кайсы күндөн тарта чегерилип баштайт?

Депозит ачылгандан кийинки календардык күндөн тарта пайыздарды чегерүү башталат. Эсептеп жатканда депозит ачылган күн эсепке алынбайт, ошондуктан пайыздар чегерилүүчү күндөрдүн жалпы саны — 359.

Пайыздар чегерилүүчү мөөнөт кантип эсептелет?

Пайыздар 360 күндөн турган шарттуу жыл боюнча эсептелет.

Ошону менен бирге:

  • Ар бир ай 30 күнгө барабар деп эсептелет — бир айда канча күн бар экенине карабастан (28, 29 же 31)
  • Аманаттын акыркы айы 29 күндүк болуп эсептелет

Эмне үчүн формулада 365 эмес, 360 күн көрсөтүлгөн?

Банктык эсептөөлөрдө 30/360 методу колдонулат. Бул — ар бир ай шарттуу түрдө 30 күндүк, ал эми бир жыл — 360 күндүк болуп саналгандыгын билдирет. Мындай система эсептөөлөрдү жөнөкөйлөтөт жана стандартташтырат. Депозит ачылган күн эсептөөгө кирбегендиктен, иш жүзүндө пайыздар 359 күн үчүн чегерилет. Бул нерсе 360 күндүк формулада эсепке алынгандыктан, чегерүүлөрдүн суммасы так болот.

Аманат толукталганда пайыздар кантип эсептелет?

Толукталган күнү — каражаттар салынганга чейинки суммага пайыздар чегерилет.

Толуктоо үчүн пайыздар — депозиттин жаңы суммасы боюнча пайыздар менен бирге кийинки иш күнү чегерилет.

Андан ары пайыздар күн сайын депозиттин жаңы суммасына чегерилет.

20:00дөн кийин же дем алыш күнү түшкөн толуктоо жакынкы иш күнүнүн датасында эсепке алынат.

Мисалы:

  • Депозит ачылган күн — 1-апрель, суммасы — 100 000 сом
  • Депозиттеги калдык — 100 000 сом, чен — 16,5%
  • Күн сайынкы пайыздар: (100 000 × 16,5%) / 360 = 45,83 сом

9-апрелде:

  • Депозитти 4 000 сомго толуктадыңыз. Бул күнү пайыздар толукталганга чейинки суммага чегерилет.
  • 9-апрель үчүн чегерүү: 45,83 сом

10-апрелде:

  • Пайыздар жаңы суммага чегерилет.
  • (104 000 × 16,5%) / 360 = 47,67 сом
  • 10-апрель үчүн чегерүү: 47,67 сом
security icon

O!Bank КРдин депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат. КРдин «Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, бардык аманаттар камсыздандырылган, жана кепилдик учуру келгенде аманатчылар 1 миллион сомго чейин алышат. Толук маалымат deposit.kg сайтында.

«Мой О!»дон онлайн-кредит ачууга жетишип калыңыздар
Мой О

Мөөнөттүү депозиттер боюнча натыйжалуу пайыздык чен депозитти жайгаштыруунун шартына жараша сом түрүндө 5,19%дан 13,44%га чейин, АКШ доллары түрүндө 0,51%дан 3,10%га чейин, евро түрүндө 0,30%дан 1,02%га чейин түзөт. Сыйакы, ар бир толук айды 30 күн, бир жылда 360 күн деп эсептөө менен чегерилет. Көрсөтүлгөн пайыздык чендер жылдык болуп саналат. Сыйакыны аманаттын/депозиттин суммасына чегерүү ал банкка түшкөн күндөн кийинки күндөн тарта башталат, аманаттын/депозиттин колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн мурунку күнгө чейин жүргүзүлөт. Сыйакыны төлөп берүү ай сайын жүргүзүлөт. Аманаттын/депозиттин суммасын төлөп берүү аманаттын/депозиттин колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күнү жүргүзүлөт. Автоматтык түрдө узартуу – келишимдин узартылган датасында колдонуудагы пайыздык чендери, шарттары менен ошол эле мөөнөткө узартылат. Эсеп/эсептер боюнча операциялардын көлөмүнө жараша жана рыноктук шарттардын өзгөрүшү сыяктуу башка факторлорго жараша кардарларга жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган сыйакыларды жана жеке комиссияларды белгилөө укугун банк өзүнө калтырат.