O!Prime менен эксклюзивдүү шарттар

Көбүрөөк кешбэк, көбүрөөк мүмкүнчүлүк

Айына 199 с тариздөө

O!Prime жазылуусунун артыкчылыктары

Кешбэктен жогору

Сомдук Visa Cashback менен төлөөдө 2% жана QR аркылуу төлөөдө +1% бонус түрүндө алыңыз

Кешбэктен жогору
Бонус менен төлөө

Бонустарды тиркемедеги кызматтарга же өнөктөштөрдөн QR аркылуу сарптаңыз

Бонус менен төлөө
Көбүрөөк сүрөтчө

Тиркеменин жөндөөлөрүнөн өзүңүздүкүн тандаңыз

Көбүрөөк сүрөтчө
+10 ГБ интернет

О! мобилдик операторунун абоненттери үчүн

+10 ГБ интернет
Комиссия 0%

Тиркемедеги сервистерди ашыкча төлөмсүз төлөңүз

Комиссия 0%
Оңой туташтыруу

Жазылууну О! мобилдик операторунун балансынан төлөңүз

Оңой туташтыруу

O!Prime кантип тариздесе болот?

Кадам 01

«Мой О!» тиркемесин жүктөп алыңыз

Кадам 02

«Дагы» бөлүмүнө өтүңүз жана «O!Prime» тандаңыз

Кадам 03

«Туташтыруу» баскычын басыңыз

Даяр

O!Prime жазылуу кошулду

Көп берилүүчү суроолор

O!Prime — «Мой О!» тиркемесиндеги акы төлөнчү жазылуу. Ал O!Bank карталары боюнча кешбэкти жогорулатат, бонус менен төлөнчү кызматтардын жана өнөктөштөрдүн тизмесин кеңейтет, тиркемедеги кызматтарды төлөө үчүн комиссияны жоёт жана которуулардын лимиттерин көбөйтөт. О! мобилдик операторунун абоненттери кошумча 10 ГБ интернет алышат.

30 күнгө 199 сом, салыктар ичинде. Мөөнөтү аяктагандан кийин жазылуу автоматтык түрдө узартылат. Автоузартууну каалаган убакта өчүрүп койсо болот.

  • «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.
  • «Дагы» бөлүмүн ачып, O!Prime'ды тандаңыз.
  • «Кызматты кошуу» баскычын басып, жазылууну төлөңүз.

Жазылуу төлөнгөндөн кийин дароо иштеп баштайт.

«Мой О!» тиркемесиндеги каалаган жеткиликтүү ыкма менен, анын ичинде О! мобилдик операторунун балансынан да.

Ооба. O!Prime бөлүмүндөгү «Досума белек кылуу» баскычын басып, «Мой О!» тиркемесиндеги анын капчыгын териңиз.

O!Prime менен:

  • Сом түрүндөгү Visa карталары боюнча 2%, виртуалдык жана бизнес-карталарынан тышкары;
  • Валюталык Visa Cashback жана Visa Platinum карталары боюнча 0,5%.

Жазылуусуз — сом жана валюта түрүндөгү Visa Cashback жана Visa Platinum карталары боюнча 0,5%.

Кешбэк онлайн түрүндө жана POS-терминал аркылуу жүргүзүлгөн 100 сомдон жогорку сатып алуулар үчүн чегерилет. 1 бонус 1 сомго барабар.

Ооба. O!Bank карталары боюнча бир сатып алуу үчүн 200 бонустан ашык эмес, суткасына 1 000 бонустан ашык эмес жана айына 10 000 бонустан ашык эмес алса болот. Суткасына бир POS-терминалдан же бир интернет-дүкөндөн 4төн ашык эмес сатып алуу үчүн кешбэк чегерилет.

O!Prime менен — QR аркылуу төлөөдө 4000+ өнөктөштөн, ошондой эле коммуналдык кызматтарга жана «Мой О!» тиркемесиндеги башка сервистерге. Жазылуусуз — 100+ өнөктөштөн жана О! байланыш кызматтарына. Которууларды бонустар менен төлөсө болбойт.

O!Prime менен тиркеменин каталогундагы кызматтар комиссиясыз төлөнөт: мобилдик байланыш, коммуналдык кызматтар, интернет жана ТВ, мамлекеттик төлөмдөр жана айып пулдар, билим берүү, такси, жеткирүү, саякаттоо жана башкалар. Жазылуу жок болсо, айрым кызматтар үчүн комиссия алынат — мисалы, бала бакчалар, айып пулдар, патенттер жана «Тулпар» үчүн.

O!Prime менен — башка банктарга жана электрондук капчыктарга которуулардын лимиттери көбөйөт.

О! мобилдик операторунун абоненттери 10 ГБ интернетти O!Prime жазылуусу менен бирге алышат.

«Мой О!» тиркемесинен O!Prime бөлүмүн ачып, автоузартууну өчүрүңүз. Жазылуу төлөнгөн мөөнөттүн аягына чейин иштей берет. Калган күндөрдүн акчасы кайтарылбайт.