Үй сатып алуу жана куруу үчүн акция
сом түрүндө жылдык 15,5% баштап
сом түрүндө жылдык 15,5% баштап
Чени жылдык 15,5% баштап
Суммасы 12,75 млн c чейин
Мөөнөтү 10 жылга чейин
Баштапкы төгүм баасынын 20% баштап
Ипотекалык кредитти батир же үй сатып алууга, нөлдөн баштап курууга, курулушту бүтүрүүгө, турак жайды капиталдык оңдоого же үй салуу үчүн жер тилкесин сатып алууга тариздесе болот. Өтүнмөнү КРдин жарандары жана чет өлкөлүк резиденттер бере алышат. Бул — тастыкталган кирешеси бар жалданма кызматкерлерге, жеке ишкерлерге жана ипотекага ылайыктуу күрөөлүк камсыздоосу бар кардарларга тиешелүү. Баштапкы төгүм — турак жайдын баасынын 20%ынан башталат. 2026-жылдын 31-декабрына чейин акция жүрөт: алгачкы эки жылда чен төмөндөтүлгөн жана төгүмдүн өлчөмүнө жараша болот. Төгүм 50%дан жогору болсо жана банктын өнөктөштөрүнөн төлөнсө — биринчи жылы 15,5% жана экинчи жылы 17,5%. Үчүнчү жылдан баштап жылдык 20,5% түзөт.
| Баштапкы төгүм | 1-жыл | 2-жыл | 3–10-жылдар |
|---|---|---|---|
| 20–29,99% | 17,5% | 19,5% | 20,5% |
| 30–49,99% | 16,5% | 18,5% | 20,5% |
| 50% баштап | 15,5%* | 17,5%* | 20,5% |
*O!Bank'тын кардарлары үчүн, банктын өнөктөштөрүнөн төлөөдө. Шарттарды аткарбастан — 1-жылы 16,5% жана 2-жылы 18,5%
Биринчи жылдагы 15,5% чен — картасы же учурдагы эсеби бар O!Bank’тын кардарларына жеткиликтүү. Эки шартты аткаруу керек:
Байланыш жана интернет — О!, Saima Telecom; Супермаркеттер — Globus, Народный, Spar, Достор.
Банк өтүнмөнү карап жатканда шарттарды текшерип, келишимде ченди белгилейт. Акция 2026-жылдын 31-декабрына чейин жүрөт.
Акциянын толук шарттары шилтемедеЖНПЧ сом түрүндө жылдык 16,70% баштап. Акциянын шарттары аткарылганда алдын ала эсептөө: 1-жылы 15,5%, 2-жылы 17,5%. Ачык оферта болуп саналбайт.
Ай сайынкы төлөм
174 642,62 c
Жалпы сумма
6 287 134,04 c
Мөөнөткө
36 ай
Акция 31.12.2026 чейин жүрөт. ЖНПЧ сом түрүндө жылдык 16,70%дан баштап Ишмердүүлүктүн түрүнө жараша банк кошумча документтери сурашы мүмкүн.




Банк тастыкталган кирешени гана эсепке алат: расмий эмгек акыны, каражаттар туруктуу түшүп турган эсептин көчүрмөсүн, ЖИнин кирешесин, пенсияны жана тастыкталган кошумча кирешени (мисалы, көчүрмө же келишим боюнча кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн).
Кредиттин суммасын эсептөөдө тастыкталбаган киреше эсепке алынбайт. Кирешелериңиздин жана түшкөн каражаттарыңыздын туруктуулугун тастыктаган документтерди алдын ала даярдап алыңыз.
Ооба. Күйөөңүздүн/аялыңыздын кирешесин эсепке алуу үчүн ал кредит боюнча кепилчилик берүүчү болот. Банк кепилчиликке макулдукту тариздейт, ошондой эле күйөөңүздүн/аялыңыздын кредиттик тарыхын текшерет.
Жок. Сатып алынуучу кыймылсыз мүлк жана күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлк менчик укугун жана менчик укугунун мамлекеттик каттоосун тастыктаган документтерге ээ болушу керек.
Өз билемдик курулуштар, катталбаган кыймылсыз мүлк жана тастыкталган менчик укугу жок объекттер адатта күрөөгө алынбайт.
Объект боюнча акыркы чечимди банк чыгарат.
Жеке жактар үчүн ипотека сом түрүндө гана берилет. КРдин 28.10.2025-жылдагы №237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» Мыйзамына жана КРУБдун талаптарына ылайык, кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн кредиттер чет өлкөлүк валютада берилбейт.
Ар бир өтүнмө боюнча кыймылсыз мүлктү баалоону банк өз алдынча жүргүзөт. Көз карандысыз баалоочу жалдоонун жана ага төлөөнүн кереги жок. 4 250 000 сомго чейинки баадагы кыймылсыз мүлктү баалоону филиалдын кызматкери жүргүзөт. 4 250 000 сомдон кымбат объекттерди банктын профилдик бөлүмүнүн кызматкери баалайт.
Кредиттин суммасына жараша болот:
Кыргызстанда өрттөн жана табият кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу бар. Ал кыймылсыз мүлккө менчик укугун каттоодо таризделет. Эгер сизде андай камсыздандыруу жок болсо, ипотеканы каттоодо аны тариздешет.
Ооба, ипотеканы комиссия төлөбөстөн мөөнөтүнөн мурда толугу менен же жарым-жартылай жапса болот. Комиссия кредиттин шарттарынын өзүнчө өзгөрүүлөрү үчүн гана алынышы мүмкүн. Мисалы, төлөмдүн датасы же төлөө ыкмасы өзгөрсө. Комиссия банктын колдонуудагы тарифтерине ылайык алынат.
Күрөөдөгү кыймылсыз мүлктө жашаса болот. Бирок кредит толугу менен төлөнүп бүтмөйүнчө аны менен жүргүзүлүүчү бүтүмдөр (сатуу, сый кылып берүү, кайра пландоо, кээде ижарага берүү) жана чектөөнү алып салуу банктын макулдугун талап кылат. Айкын чектөөлөр келишимде көрсөтүлгөн.