БЕКИТИЛДИБанктын Башкармасынын чечими16.07.2026 ж. № 28/2026-4 Протоколу

Жеке маалыматтардын купуялуулук саясаты

Ушул Жеке маалыматтардын купуялуулук саясаты (мындан ары – Купуялуулук саясаты) Банк Кардар «O!Business» (мындан ары – «O!Business») / «Мой О!» (мындан ары – «Мой О!») мобилдик тиркемелери аркылуу банктык кызматтарды алганда ал жөнүндө ала алган бардык маалыматка карата колдонулат.

1. Терминдердин аныктамасы

  1. 1.1. Ушул Купуялуулук саясатында төмөнкү терминдер колдонулат:
  2. 1.1.1.«Банк» – «О!Банк» ачык акционердик коому /«О!Банк» ААК.
  3. 1.1.2.«Жеке маалыматтар» - белгилүү бир же аныкталып жаткан жеке жакка (жеке маалыматтар субъектине) түздөн-түз же кыйыр тиешелүү болгон кандай болбосун маалымат.
  4. 1.2.«Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу» - жеке маалыматтар менен автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же мындай каражаттарды колдонбой аткарылган кандай болбосун аракеттер же аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичинде чогултуу, жазуу, системалаштыруу, жыйноо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), алып салуу, колдонуу, өткөрүп берүү (жайылтуу, берүү, жеткиликтүүлүк), ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылуу.
  5. 1.2.1.«Жеке маалыматтардын купуялуулугу» - Банк тарабынан сакталууга милдеттүү болгон жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз же башка мыйзамдуу негизсиз аларды жайылтууга жол бербөө талабы.
  6. 1.2.2.«Кардар» – банктык кызматтарды «Мой О!» мобилдик тиркемеси аркылуу алган жеке жак же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишекердик ишмердикти ишке ашырган жана «O!Business» мобилдик тиркемеси аркылуу кызматтарды алган жеке ишкер.
  7. 1.2.3.«O!Business» мобилдик тиркемеси – Кардарга банктык кызматтарга жетүү жана банктык операцияларды ишке ашыруу, ошондой эле «O!Business» мобилдик тиркемеси аркылуу банктык кызматтарды жана продуктуларды алуу мүмкүнчүлүгүн берген мобилдик түзүлүш үчүн тиркеме (программалык камсыздоо).
  8. 1.2.4.Банктын «Мой О!» мобилдик тиркемеси – Кардардын банктык кызматтарды/продуктуларды алуусу жана банктык эсептер жана карталар боюнча банктык операцияларды жүргүзүүсү үчүн «Мой О!» мобилдик тиркемеси аркылуу Кардарга банктык эсептерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берген Мобилдик түзүлүш үчүн тиркеме (программалык камсыздоо).

2. Жалпы жоболор

  1. 2.1. «O!Business»/«Мой О!» мобилдик тиркемелерин Кардардын колдонуусу анын ушул Купуялуулук саясаты менен жана Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттары менен макул экенин түшүндүрөт.
  2. 2.2. Кардар Купуялуулук саясатынын шарттары менен макул болбогон учурда, Жеке ишкерлердин/Жеке эмгек ишмердигин ишке ашырган жеке жактардын «О!Банк» ААКтын банктык кызматтарын алуу шарттарынын/ Жеке жактардын «О!Банк» ААКтын банктык кызматтарын алуу шарттарынын талаптарына ылайык «O!Business»/«Мой О!» мобилдик тиркемелерин колдонууну токтотуусу керек.
  3. 2.3. Ушул Купуялуулук саясаты «O!Business»/«Мой О!» мобилдик тиркемелерине гана колдонулат.

3. Купуялуулук саясатынын предмети

  1. 3.1. Ушул Купуялуулук саясаты Банктын «O!Business»/«Мой О!» мобилдик тиркемелеринин кардар-колдонуучуларынын жеке маалыматтарын ачыктабоо жана купуялуулук режимин камсыздоо боюнча милдеттенмелерин белгилейт.
  2. 3.2. Ушул Купуялуулук саясатынын алкагында иштеп чыгууга уруксат берилген жеке маалыматтар Банкка берилет:
  3. 3.3. Кардар тарабынан – Кардар «O!Business»/«Мой О!» мобилдик тиркемелерин колдонгон учурда;
  4. 3.4. Мамлекеттик жана башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан, мамлекеттик маалымат системаларынан жана жеткиликтүү маалымат булактарынан (УПМР базасы, Насыялык бюролор ж.б.).

4. Колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуунун максаты

  1. 4.1. Кардардын жеке маалыматтары Кардарга «O!Business»/«Мой О!» мобилдик тиркемелерине жетүүнү берүү жана анын функционалын колдонуу мүмкүнчүлүгүн алуу максаты менен колдонула алат.

5. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жолдору жана мөөнөттөрү

  1. 5.1. Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу мөөнөттү чектөөсүз, кандай болбосун мыйзамдуу жол менен, анын ичинде жеке маалыматтардын маалыматтык системасында автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен жана мындай каражаттарды колдонбой ишке ашырылат.
  2. 5.2. Кардардын жеке маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик/укук коргоо/сот органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиз менен жана тартипте гана өткөрүлүп бериле алат.
  3. 5.3. Банк Кардардын жеке маалыматтарына мыйзамсыз же кокустук менен жетүүдөн, жок болушунан, өзгөртүлүшүнөн, бөгөттөлүшүнөн, көчүрүлүшүнөн, жайылтылышынан, ошондой эле үчүнчү жактардын башка аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.
  4. 5.4. Банк жеке маалыматтар Кардар тарабынан атайылап өткөрүлүп берилгенде, же Кардардын күнөөсү менен атайылап эмес үчүнчү жактарга белгилүү болгондо, жоопкерчилик тартпайт.

6. Талаптардын милдеттенмелери

  1. 6.1.Кардар милдеттүү:
  2. 6.1.1. «O!Business»/«Мой О!» мобилдик тиркемелерин колдонуу үчүн керек болгон жеке маалыматтар жөнүндө маалыматты берүүгө.
  3. 6.1.2. Ушул Купуялуулук саясатынын 6.1.1 п. көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөрүлгөн учурда, өзгөрүүлөр болгон күндөн баштап беш жумуш күндөн кеч эмес берилген жеке маалыматтар жөнүндө маалыматты өз убагында жаңыртууга, толуктоого.
  4. 6.2.Банк милдеттүү:
  5. 6.2.1. Алынган маалыматтарды ушул Купуялуулук саясатынын 4.1. п. көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана колдонууга.
  6. 6.2.2. Купуя маалыматтын купуя сакталышын камсыздоого, аны Кардардын алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз ачыктабоого, ошондой эле Кардардын өткөрүлүп берилген маалыматтарын башка мүмкүн болгон жолдор менен алмашпоого, жарыялабоого же ачыктабоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тартиптеринде белгилендерди кошпогондо.
  7. 6.2.1. Болгон иштиктүү карым-катнаштагы мындай маалыматты коргоо үчүн адатта колдонулган тартипке ылайык Кардардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо үчүн сактык чараларын көрүүгө.

7. Тараптардын жоопкерчилиги

  1. 7.1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул Купуялуулук саясатынын 5.2 жана 5.4 пункттарында каралган учурларды кошпогондо, Кардардын жеке маалыматтарынын мыйзамсыз колдонулушу үчүн жоопкерчилик тартат.

8. Талаш-тартыштарды чечүү

  1. 8.1. Кардар менен Банктын ортосундагы карым-катнаштан келип чыккан талаш-тартыштар боюнча доо менен сотко кайрылганга чейин, дооматты (талаш-тартыштарды ыктыярдуу жөнгө салуу жөнүндө жазуу түрүндөгү сунуш) берүү милдеттүү болуп эсептелет.
  2. 8.2. Дооматтын алуучусу дооматты алган күндөн баштап 30 (отуз) календардык күндүн ичинде доматтын ээсин дооматты кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирет.
  3. 8.3. Макулдашууга жетишилбегенде талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот органына кароого жиберилет.
  4. 8.4. Ушул Купуялуулук саясатына жана Кардар менен Банктын ортосундагы карым-катнашка Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары колдонулат.

9. Кошумча шарттар

  1. 9.1. Жаңы Купуялуулук саясаты ал Банктын сайтында жайгаштырылган убактан баштап, Купуялуулук саясатынын жаңы редакциясы менен башка каралган эмес болсо, күчүнө кирет.
  2. 9.2. Колдонуудагы Купуялуулук саясаты www.obank.kg дарегиндеги сайтта жайгаштырылган.