Кешбэктүү акысыз карта

O!Bank менен сатып алуулар ыңгайлуу болот. Visa Cashback картасы менен төлөп, POS-терминалдардан жана онлайн түрүндө жүргүзүлгөн бардык төлөмдөрдөн 1% кешбэк алыңыз.
Visa картасын каалаган O!Store’дон же O!Bank’тан 3 мүнөттүн ичинде паспорт менен тариздеңиз.
Visa Cashback картасынын артыкчылыктары:
• заматта акысыз чыгаруу;
• акысыз тейлөө;
• Кыргызстандын бардык банкоматтарынан акысыз накталатуу;
• «Мой О!» супераппы аркылуу ыңгайлуу башкаруу.
Сатып алууларды Visa картасы менен төлөп, ар бир төлөмдөн бонустук эсебиңизге заматта берилүүчү кешбэкке ээ болосуз. Топтолгон бонустарды өнөктөштөрдөн сарптаса болот. 1 бонус = 1 сом.
Сом түрүндөгү Visa Cashback карталарынан жүргүзүлгөн сатып алуулар үчүн кешбэк чегерилет:
• суткасына 2000 бонуска чейин, бир төлөм үчүн максималдуу чегерүү — 1000 бонус;
• бонустук эсебиңизге айына 10 000 бонуска чейин;
• суткасына бир POS-терминалдан же интернет-төлөмдөр аркылуу төрт сатып алуу үчүн.
Кешбэк чегерилбейт:
• Visa виртуалдык карталары, Visa Business, ошондой эле Элкарт карталарынан жүргүзүлгөн сатып алуулар үчүн;
• которуулар жана акча чыгарып алуу үчүн;
• картадан QR-код аркылуу же тиркемеден төлөөдө.
Акция 2025-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин жүрөт.