Майрамдарга «Мой О!» менен даярданыңыз: пайдалуу кешбэктүү белектер

14-февраль, 23-февраль же 8-март — жакындарыңызды кубантуу үчүн жакшы себеп. «Мой О!» тиркемеси менен белек берүү өтө оңой гана эмес, пайдалуу дагы!
Сатып алуулар үчүн 2% кешбэк
Дүкөндөрдөн, кафелерден же онлайн-сервистерден товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү O!Bank’тын Visa картасынан төлөп, 2% кешбэкке ээ болуңуз. Канчалык көп соода кылсаңыз — ошончолук көп кайтарып аласыз!
O!Market’те кешбэктүү белектер
«Мой О!» тиркемесиндеги O!Market’тен сүйүктүүлөрүңүзгө жана туугандарыңызга товарларды тандап, ар бир буйрутмадан 2% кешбэк алыңыз. Маркетплейсте 55 000ден ашуун товар сунушталат: кам көрүү косметикасы, витаминдер жана БАКтар, үй товарлары жана көптөгөн башкалар. Мындан тышкары, 1000 сомдон жогору буйрутма берүүдө Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирүүгө ээ болосуз. Кубанычтарды тартуулаңыз жана алдыдагы сатып алуулардан үнөмдөңүз!
Белек карталары 5% кешбэги менен
Белекке эмне берүүнү билбей жатасызбы? «Мой О!» тиркемесинен белек карталарын 5% кешбэк менен сатып алыңыз. Бул — жакындарыңызды куттуктоо үчүн идеалдуу вариант: дүкөндөргө, SPA’га, фитнес-клубдарга же сулуулук салондоруна каалаган табит жана бюджет үчүн сертификаттар.
Жакындарыңызды куттуктаңыз, сүйүктүүлөрүңүздү кубантыңыз жана кешбэкти топтоңуз!
«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон каалаган оператордун SIM-картасы менен жүктөп же жаңыртып алыңыз.
O!Bank’тан Visa үчүн акция 31.03.2025 чейин жүрөт.
2% кешбэк жана Бишкек ш. боюнча акысыз жеткирүү акциясы 28.02.2025-ж. чейин жүрөт. Акысыз жеткирүү О!Market’теги бир сатуучудан 1000 сомдон жогору сатып алууда гана иштейт. Акция башка бонустук акциялар менен суммаланбайт.