Расмий түрдө - «Халык Банк Кыргызстан» эми О!Банк болуп саналат

Расмий түрдө - «Халык Банк Кыргызстан» эми О!Банк болуп саналат

2024-жылдын 12-сентябрында «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы толук жана кыскартылган корпоративдик аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кайра каттоо жол-жобосунан өттү:

  • мамлекеттик тилде толук аталышы: «О!Банк» ачык акционердик коому;
  • мамлекеттик тилде кыскартылган аталышы: «О!Банк» ААК;
  • расмий тилде толук аталышы: Открытое акционерное общество «О!Банк»;
  • расмий тилде кыскартылган аталышы: ОАО «О!Банк»;
  • англис тилинде толук аталышы: The open joint-stock company «O!Bank»;
  • англис тилинде кыскартылган аталышы: OJSC «O!Bank».

2024-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын аталышын өзгөртүүгө жана ийгиликтүү кайра каттоодон өткөрүүгө байланыштуу жаңы №044 лицензия берди.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 18-апрелинде Улуттук банк «Халык Банк Кыргызстан» ААКсын Visor International DMCC эл аралык инвестициялык тобуна сатуу боюнча бүтүмдүн аяктоосун бекиткен.

О!Банк Халык Банк Кыргызстандын мураскери катары кардарлардын жана контрагенттердин алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарууну улантууда.

Мындан тышкары, Банк Башкаруунун Төрагасынын орун басары Д.В. Шпильчиндин ыйгарым укуктарынын токтотулушу жана Н.Н. Нестеренконун Башкы бухгалтер позициясынын Банктын башкаруусунун курамынан чыгарылышы жөнүндө кабарлайт.

Улуттук банктын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 044 лицензиясы.