Кыргызстандын банктарынын кызматтарына төлөөдө комиссиялык төлөмдөрдүн өзгөрүшү
Урматтуу кардарлар!
«Халык Банк Кыргызстан» ААК Кыргыз Республикасынын банктарынын кызматтарына төлөөдө комиссиялык төлөмдөрдүн өзгөргөндүгү тууралуу билдирет.
2024-жылдын 25-июнунан баштап Halyk мобилдик тиркемесинде 0,3%, ал эми Банктын төлөм терминалдарында - 0,3% (min 10 сом) төмөнкү кызматтарга төлөөдө комиссия түзүлөт:
- KICB - карта, эсеп жана телефон аркылуу толуктоо;
- MBank - телефон номери боюнча толуктоо;
- MBank Online - эсепти толуктоо;
- Бакай Банк - депозитти толуктоо, ИФЦ депозитин толуктоо;
- Бакай Банк (ИФЦ) - эсепти толуктоо;
- Компаньон Банкы - кредитти төлөө, депозитти толуктоо, картаны толтуруу, эсепти толтуруу, агентти толтуруу, электрондук капчык;
- BakAi - телефон номери боюнча толуктоо;
- Dos-Credobank - эсепти толуктоо, депозитти толуктоо, кредитти төлөө.
Суроолор келип чыккан учурда, Сиз дайыма биздин Байланыш борборубузга 24/7 кыска номери боюнча кайрылсаңыз болот: 9999 (акысыз чалуу).
09.06.2024Бардык жаңылыктар