Телефондук алдамчылардан кантип сактануу керек: эмнелерди билүү маанилүү

Телефондук алдамчылар алдоо жана ачканы урдоо үчүн уламдан-улам татаал схемаларды колдонууда. O!Bank эскертет: банктагы эсебиңиз тууралуу маалыматты же башка жеке маалыматтарыңызды телефон аркылуу эч качан билдирбеңиз.

Алдамчылар кандай ыкмаларды колдонот? 

  • Өздөрүн банктын же мамлекеттик мекеменин кызматкеримин деп атап чалышат.

  • Сиздин эсебиңизде көйгөйлөр бар экендиги же жеке маалыматтарыңыздын уурдалып кеткендиги жөнүндө кабарлашат.

  • Сизден сыр сөздөр, пин-коддор же картанын номерлери сыяктуу маалыматтарды берүүңүздү талап кылышат.

  • Шилтемелерди ачууну же белгисиз тиркемелерди жүктөөнү суранышат. 

Өзүңүздү кантип коргоо керек? 

• Эгерде сизге белгисиз номерден чалып, маалыматтарыңыз уурдалып кетти деген маалыматты билдиришсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз.

• Картанын маалыматтарын банктын кызматкерлери болсо дагы (номер, жаракту мөөнөтү, CVV/CVC жана SMS же push-билдирүүлөрдөн келген коддор) онлайн дагы, телефон аркылуу дагы бербеңиз.

• Белгисиз адамдардан келген видео чалууларга жооп бербеңиз же белгисиз шилтемелер боюнча өтпөңүз жана тастыкталбаган булактардан тиркемелерди көчүрбөңүз.

• Эгер шектенүүлөр жаралса, маалыматты тактоо үчүн банк менен 9999 номери аркылуу байланышыңыз.

Картадагы акчалардын уурдалышын кантип алдын алуу керек?

  • Картанын маалыматтарын браузерде же түзмөктө сактабаңыз.

  • Картанын маалыматтарын шектүү же бейрасмий сайттарга киргизбеңиз.

  • Эгер түзмөк бузулган же шектүү көрүнсө, башка банкомат же башка терминалды пайдаланыңыз.

  • Онлайн сатып алуулар үчүн чектелүү сумма менен өзүнчө картаны колдонуңуз, ал эми негизги картага интернет-операцияларды жүргүзүүгө тыюуну орнотуп коюңуз.

  • Карта жоголуп же уурдалып кеткенде «Мой О!» супертиркемеси аркылуу дароо бөгөткө коюңуз.

  • Төлөмдөрдүн жана сатып алуулардын тарыхчасын үзгүлтүксүз текшерип туруңуз.

  • Банктык тиркемелер үчүн татаал сыр сөздөрдү жана эки факторлуу аутентификацияны колдонуңуз. 

Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек? 

• Картаны же эсепти бөгөттөө үчүн банкка кабарлаңыз.

• Укук коргоо органдарына арыз жазыңыз.

 

Маанилүү: О!Bank'тын кызматкерлери эч качан жеке маалыматтарды телефондон талап кылышпайт.

 

Финансыларыңызды коргоңуз — ынта коюңуз жана кыраакылыкты сактаңыз!