«Мой О!» супертиркемесинде Орозо – 2025 календары жана битир-садаканы төлөө

O!Bank кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, тынчтык, шайкештик жана бакубатчылык каалайт.
Адаттагыдай «Мой О!» супертиркемесинде орозо кармагандардын ыңгайлуулугу үчүн Орозо онлайн-календары жеткиликтүү. Календардан өлкөнүн бардык аймактары үчүн ырааттаманы, ыңгайлуу таймерди, дубалардын текстин жана маанисин тапса болот.
Мындан тышкары, ооз ачууга жана ооз бекитүүгө 10 мүнөт калганда эскертүүлөр каралган. Телефонуңуздун жөндөөлөрүндө билдирүүлөр күйгүзүлгөнүнө ынаныңыз.
Орозо календарын кантип колдонуу керек?
• «Мой О!» супертиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп же жаңыртып алыңыз.
• Тиркемени ачып, башкы беттен «Орозо-2025 календары» баннерин басыңыз.
• Сиз жашаган конушту тандаңыз.
Орозо айында бардык мусулмандарга битир-садаканы берүү сунушталат.
«Мой О!» супертиркемесинен садаканы ыңгайлуу жана комиссиясыз төлөсө болот:
• «Мой О!» супертиркемесин ачыңыз.
• «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз.
• «Жакшы иштер» → «Битир-садака» баскычтарын тандаңыз;
• Каалаган сумманы көрсөтүңүз да, төлөңүз.
Каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.
Дубаларыңыз кабыл болсун, ар бир жакшы ишиңиз береке алып келсин.