Visa карталары аркылуу кешбэк чегерүүнүн жаңы шарттары

2026-жылдын 16-мартынан тарта Visa карталарынын кармоочулары үчүн кешбэк чегерүүнүн жаңы шарттары күчүнө кирет.

Эми 0,5% өлчөмүндөгү кешбэк сатып алууларды сомдук Visa Cashback жана Visa Platinum карталары менен, ошондой эле валюталык Visa карталары менен POS-терминал аркылуу же онлайн түрүндө төлөөдө 100 сомдон жогорку ар бир сатып алуу үчүн чегерилет.

Сом түрүндөгү карта менен жүргүзүлгөн сатып алуулар үчүн 2% кешбэк алуу үчүн O!Prime премиум-жазылуусун тариздеңиз. Туташтыруу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.

Топтолгон бонустарды өнөктөштөрүбүздөн пайдалансаңыз болот: 1 бонус = 1 сом.

Кешбэк төмөнкүдөй чегерилет:

• суткасына 1000 бонуска чейин, бир төлөм үчүн максимум 200 бонус;
• бонустук эсепке айына 10 000 бонуска чейин;
• суткасына бир POS-терминалдан же интернет-төлөмдөр аркылуу 4 сатып алууга чейин.

Кешбэк төмөнкүлөр үчүн чегерилбейт:

• виртуалдуу Visa, Visa Business жана Элкарт карталарынан жүргүзүлгөн сатып алуулар үчүн;
• O!Prime жазылуусу жок Visa Classic жана Visa Gold (санариптик же физикалык Visa Gold картасынан тышкары) карталарынан жүргүзүлгөн сатып алуулар үчүн;
• акча которуу жана накталай чыгаруу үчүн;
• «Мой О!» тиркемесиндеги кызматтарды же QR-код аркылуу төлөөдө.

Visa Cashback картасын каалаган O!Store’дон же O!Bank’тан паспорт менен, ошондой эле «Мой О!» тиркемесинен онлайн түрүндө заматта тариздесе болот.

Акция 2026-жылдын 31-майына чейин жүрөт.