O!Bank Visa’нын эл аралык таануусуна ээ болду

O!Bank Visa Direct жана Visa+ сервистерин ишке киргизгендиги үчүн Visa эл аралык төлөм системасынын атайын сыйлыгына ээ болду.

Бул сыйлык эл аралык акча которуулар тармагындагы санариптик чечимдердин ийгиликтүү өнүгүүсүн жана кардарлар тарабынан заманбап финансылык сервистерди колдонуу мүмкүндүгү кеңейип жаткандыгын тастыктайт.

Visa Direct жана Visa+ сервистери «Мой О!» тиркемесинен картанын номери жана телефон номери аркылуу тез, ыңгайлуу жана коопсуз которууларды камсыздап, трансчегаралык төлөмдөрдү жеткиликтүүрөөк жана технологиялуураак кылууда.

Visa тарабынан таануу — O!Bank’тын технологиялык инфратүзүмүнүн финансы тармагынын келечеги боюнча Visa’нын глобалдуу көз карашына туура келгендигин билдирет, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн үзүрдүүлүгүн жана инновациялуу санариптик финансы чечимдерин киргизүү боюнча биргелешкен ишинин натыйжалуулугун тастыктайт.

O!Bank санариптик экосистеманы өнүктүрүүнү улантып, банктык тейлөөнүн жаңы стандартын түзгөн жана санариптик финансы рыногунун өнүгүүсүнө багыт берген заманбап технологияларды киргизүүдө.