O!Bank Apple Pay’ди ийгиликтүү ишке киргизгендиги үчүн Visa’нын сыйлыгына ээ болду

Visa эл аралык төлөм системасы Apple Pay сервисин ийгиликтүү ишке киргизгендиги үчүн O!Bank’ты сыйлады.
Бул сыйлык — санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүүгө, эл аралык финансылык технологияларды киргизүүгө жана өлкөнүн заманбап төлөм инфратүзүмүн бекемдөөгө болгон банктын салымын тастыктайт.
Apple Pay Visa O!Bank карталарынын ээлерине iPhone, Apple Watch, iPad жана Mac аркылуу контактсыз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Сатып алууларды тез, коопсуз жана комиссиясыз төлөсө болот — дүкөндөрдөн, мобилдик тиркемелерден жана интернет-сервистерден. O!Bank картасынын бардык артыкчылыктары, анын ичинде 2%га чейинки кешбэк, сакталат.
Ар бир операция бекем корголгон: төлөмдөрдү ырастоо Face ID, Touch ID же түзмөктүн сыр сөзү аркылуу аткарылат.
Visa тарабынан таануу — O!Bank’тын технологиялык инфратүзүмү эл аралык стандарттарга ылайык келгенин жана инновациялык санариптик финансылык чечимдердин өнүктүрүүдөгү өнөктөштүктүн натыйжалуулугун тастыктайт.
Банк санариптик экосистеманы өнүктүрүүнү улантып, банктык тейлөөнү кыргызстандыктар үчүн мурдагыдан жа ыңгайлуу, жөнөкөй жана жеткиликтүү кылган сервистерди түзүп жана заманбап технологияларды киргизип жатат.


