O!Bank Банктар аралык процессингдик борбордун үч сыйлыгына ээ болду
Банктар аралык процессингдик борбор төлөм секторундагы негизги жетишкендиктери белгилөө жана ийгиликтүү кызматташтык үчүн өнөктөштөрүн сыйлоо менен 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды.
O!Bank үч номинациянын лидери болуп таанылды:
• «Элкарт» төлөм түзүлүштөрүнүн эмиссиясы боюнча биринчи банк.
• Соода-сервистик ишканаларда бизнес-ELQR системасын илгерилетүү боюнча жылдын банкы.
• ELQR системасында кирүүчү C2B төлөмдөр боюнча жылдын банкы.
O!Bank улуттук ELQR стандартынын негизинде пайдалуу чечимдерди сунуштоо менен QR-төлөмдөрдү системасын жигердүү түрдө ишке киргизип жатат:
•Бизнес үчүн – O!Bank акциянын алкагында POS-терминалдар аркылуу комиссиясыз төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт, бул төлөөнү ыңгайлуу жана үнөмдүү кылат.
• Жеке кардарлар үчүн – «Мой О!» суперапп аркылуу сатып алууларды төлөө мүмкүн же ELQR аркылуу акча которуу тез жана коопсуз.
O!Bank өз ишинин жогору баалангандыгы, ишенимдүү кызматташтыгы жана Кыргыз Республикасынын финансы системасынын өнүгүүсүнө кошкон салымдын таанылгандыгы үчүн Банктар аралык процессингдик борборго ыраазычылыгын билдирет.