O!Bank Башкармасынын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирди

O!Bank Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин курамындагы негизги өзгөрүүлөр тууралуу жарыялады. Бул кадам стратегиялык трансформациянын жана өнүгүп-өсүүсүнүн жаңы этабын чагылдырат.
Буга чейин Башкарманын Төрайымынын кызмат ордун ээлеген Алия Чыныбаева Директорлор кеңешине шайланды. Ал өзүнүн тажрыйбасына жана Банктын ишмердүүлүгүн терең түшүнүүсүнө таянуу менен банктын өнүгүшүнө мындан ары да салым кошууну улантат.
Башкарманын Төрагасы болуп Саймен Мюнтер дайындалды. Ал ири финансылык уюмдарды башкарууда 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар эл аралык деңгээлдеги топ-менеджер болуп саналат.
Саймен Мюнтер HSBC, ANZ жана Nordea сыяктуу банктарда жетекчилик кызматтарды ээлеген, Европанын жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Борбордук Азия менен КМШ мамлекеттеринин рынокторунда иштеген. Буга чейин ал O!Bank’тын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, банктын стратегиялык өнүгүүсүн көзөмөлдөгөн. Бул учурдагы стратегияны ишке ашырууда жол улоочулукту жана ырааттуулукту камсыз кылат.
Жаңы ролунда Саймен Мюнтер Банктын өсүшүн тездетүүгө, санариптик өнүмдөрдү өнүктүрүүгө жана O!Bank’тын рыноктогу позициясын бекемдөөгө басым жасайт.
Банк бизнес көлөмүн кеңейтүүнү жана кардарлар үчүн ыңгайлуу чечимдерди киргизүүнү улантып, Кыргызстандагы санариптик банкингдин жаңы стандарттарын калыптандырат.


