O!Bank уставдык капиталын көбөйттү

«О!Банк» ААК уставдык капиталынын көбөйтүлгөндүгү тууралуу билдирет. Чечим туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында кабыл алынды жана Банктын финансылык ишенимдүүлүгүн мындан ары бекемдөөгө багытталат.
Уставдык капиталды 300 миллион сомго көбөйтүүнүн жыйынтыгында, анын жалпы өлчөмү 1 миллиард 500 миллион 800 миң сомду түздү.
Уставдык капиталды көбөйтүү кредиттик активдүүлүктү күчөтүүгө, ошондой эле финансылык кызматтарды колдонгон жеке жактардын жана ишкерлердин алкагын кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
«О!Банк» ААК кардарларына ишенимдүү өнөктөш болуусун сактап, ошол эле учурда экономикалык өнүгүүнү колдоп жана финансы тармагындагы туруктуулукту камсыздап, рыноктогу жеке позициясын ырааттуу түрдө бекемдөөдө.
02.07.2025Бардык жаңылыктар