O!Bank активдүү эмес карт-эсептерди жабууда

O!Bank көп убакыттан бери операциялары жүргүзүлбөгөн жана учурда активдүү болбогон карт-эсептерди жабууда.
Төмөнкү себептер бар болсо, 28.06.25-ж. тарта жеке жактардын карт-эсептери жабылат:
• карт-эсепте акча каражаттары жок;
• карт-эсеп аркылуу 12 айдан ашык операциялар жүргүзүлгөн эмес.
Карт-эсепте акча каражаттарынын калдыгы бар болгон учурда, акча каражаттарын мындан ары сактоо үчүн алар Банктын өзүнчө жыйынды эсебине которулат жана биринчи талап боюнча ээсине берилет.
Карт-эсеп тууралуу маалымат алуу үчүн, же карта-эсептеги акча каражаттарынын калдыгын алуу үчүн Бишкек ш., Шопоков көч, 101/1 дареги боюнча O!Bank’тын филиалына кайрылуу зарыл.
Толук маалымат 9999 номери боюнча.
23.05.2025Бардык жаңылыктар