Унааңызды азыр тейлетип, акысын 0% менен кийин бөлүп төлөңүз

O!Bank Kia менен биргеликте автоунаанын тейленишин мурдагыдан да ыңгайлуу кылууда. Эми автоунааңыздын ремонтун ашыкча төлөмсүз бөлүп төлөсөңүз болот. Пайыздарсыз бөлүп төлөө түздөн-түз «Мой О!» тиркемесинде жеткиликтүү — тез, пайдалуу жана банкка барбастан.
Бул эмне үчүн ыңгайлуу:
• «Мой О!» супераппы аркылуу онлайн-тариздөө
• бөлүп төлөөнүн суммасы: 300 000 сомго чейин
• 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөңүз
• төлөмдөрдүн ынгайлуу графигин тандап алыңыз
• бөлүп төлөөдө кызматтын баасы өзгөрбөйт
Бөлүп төлөөнү тариздөө өтө оңой:
1. Kia’нын сервистик борборунан кызматты тандаңыз.
2. Кассадагы QR-кодду сканерлеңиз.
3. «Мой О!» тиркемесинде бардык маалыматтар автоматтык түрдө толтурулат — жөн гана сумманы көрсөтүп, мөөнөттү тандаңыз да, шарттарды ырастаңыз.
Каалаган маркадагы автоунаалар үчүн кызматтар:
• капиталдык ремонт жана кыймылдаткычты алмаштыруу
• компьютердик диагностика
• жүрүүчү бөлүктү диагностикалоо жана оңдоо
• майды жана башка бардык суюктуктарды алмаштыруу
• тетиктерди сатуу
• унаа камсыздандыруусун тариздөө
«Мой О!» супераппын Google Play’ден же App Store’дон Кыргызстандын каалаган операторунун SIM-картасы менен жүктөп алыңыз.
Бөлүп төлөөнү «Мой О!» тиркемесинин толугу менен идентификацияланган колдонуучулары гана тариздей алышат. Идентификацияны каалаган O!Store’дон же O!Bank кеңселеринен тез өтсө болот.


