O!Business — жеке ишкерлер үчүн төлөмдөрдү QR аркылуу комиссиясыз кабыл алуу

O!Bank жеке ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө.

O!Business тиркемесинде жаңы функционал жеткиликтүү — төлөмдөрдү QR-код аркылуу кабыл алуу.

Эми ишкерлер QR-коддорду түздөн-түз тиркемеден генерациялап, төлөмдөрдү бардык банктардын кардаларынан комиссиясыз кабыл ала алышат.

Төлөмдү кантип QR-код аркылуу кабыл алса болот:

App Store’дон же Google Play’ден O!Business’ти жүктөп же жаңыртып алыңыз.
• «Төлөмдөр» бөлүмүн ачыңыз → «Менин QRым».
• Сумманы териңиз же тилкени бош калтырыңыз.
• Төлөө үчүн кардарга QR-кодду көрсөтүңүз.
• Акча дароо эсебиңизге түшөт.

Кызмат O!Business’тин бардык колдонуучуларына жеткиликтүү. Акция 2025-жылдын 1-августунан 30-сентябрына чейин жүрөт.

O!Business менен төлөмдөрдү дагы да оңой жана пайдалуу кабыл алыңыз.