«Мой О!» тиркемесинде төмөндөтүлгөн чени менен онлайн-кредит

O!Bank «Мой О!» тиркемесиндеги «Экспресс» онлайн-кредити боюнча акция жарыялайт.
Тариздөө болгону бир нече мүнөттү талап кылат жана толугу менен онлайн өтөт. Кредитти алуу үчүн паспорт гана жетиштүү. Ал эми күрөө катары кредитке өтүнмө берилип жаткан смартфон колдонулат. Ошол эле учурда телефон өзүңүздө калат.
Кредиттин шарттары:
•суммасы — 15 000 сомдон 200 000 сомго чейин;
•чени — жылдык 24,99%, банктын эмгек акылык долбоорлорунун катышуучулары үчүн — жылдык 19%.
•мөөнөтү — 3 айдан 24 айга чейин.
Күрөөгө коюлуучу смартфондун абалы жана баасы:
• жаңы — 6 349 сомдон жогору;
• колдонулган — 5 714 сомдон жогору.
Артыкчылыктары:
•24/7 бою онлайн тариздөө;
•өтүнмөнү тез арада карап чыгуу;
•төлөө мөөнөттөрү ийкемдүү.
Кредитти кантип алса болот?
• «Мой О!» тиркемесин App Store’дон же Google Play’ден жүктөп же жаңыртып алыңыз.
• «Кредит алуу» баскычын басыңыз → «Экспресс».
• кредит боюнча маалыматтарды толтуруп, өтүнмөнү жөнөтүңүз.
• ырастаңыз да, акчаны эсебиңизге алыңыз.
Акция 2026-жылдын 12-майынан 2027-жылдын 12-майына (кошо эсептегенде) чейин жүрөт. ЖНПЧ 27,80%. Катышуу «НУР Телеком» ЖЧКнын кызматтарынын колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.


