Орозо 2026: «Мой О!» тиркемесинде календарь жана битир-садаканы берүү

O!Bank кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайт.

«Мой О!» тиркемесинде орозо кармагандардын ыңгайлуулугу үчүн 2026-жылдагы Орозонун онлайн-календары жеткиликтүү.

Календарда өлкөнүн бардык аймактары үчүн актуалдуу ырааттама, ыңгайлуу таймер, дубалардын тексти жана мааниси көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, ооз ачууга жана ооз бекитүүгө 10 мүнөт калганда тиркеме эскертүү жөнөтөт. Бул функция туура иштеши үчүн телефондун жөндөөлөрүнөн билдирүүлөрдү күйгүзүү сунушталат.

Орозо календарын кантип колдонуу керек:

•Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз;
•башкы беттен «Орозо – 2026 календары» баннерин тандаңыз;
•сиз жашаган калктуу конушту тандаңыз.

Орозо айында мусулмандарга битир-садаканы берүү сунушталат.

«Мой О!» тиркемесинен садаканы ыңгайлуу жана комиссиясыз берсе болот:

1. «Мой О!» тиркемесинен «Төлөмдөр» бөлүмүн ачыңыз.
2. «Жакшы иштер» → «Битир-садака» же башкасын тандаңыз;
3. Каалаган сумманы көрсөтүп, төлөңүз.

•«Төлөмдөр» бөлүмүн ачып, «Жакшы иштер» → «Битир-садака» баскычтарын тандаңыз;
•сумманы көрсөтүп, төлөмдү ырастаңыз.

Каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Ыйык Рамазан айы ар бир үйгө тынчтыкты жана жакшы ниеттердин орундалышын алып келсин.