ОСАГО «Мой О!» тиркемесинде: полисти 10% кешбэк менен ачыңыз

«Мой О!» супертиркемеси автоунааларды камсыздандыруу боюнча жаңы сервисти ишке киргизди. Эми камсыздандыруу полисин үйдөн чыкпай туруп, каалаган убакта онлайн тариздесе болот. Сервис — жол кырсыгында келтирилген зыянды жаба турган ОСАГО полисин алуу процессин унаа ээлери үчүн бир кыйла тездетет.
Артыкчылыктары кандай?
- Камсыздандыруунун суммасынан 10% кешбэк. 
- Комиссиясыз тариздөө. 
- Камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине баруу зарылдыгысыз тез жана ыңгайлуу алуу. 
ОСАГОну кантип онлайн тариздейт?
- «Мой О!» супертиркемесин ачасыз. 
- «Кызматтар» бөлүмүнө өтөсүз. 
- «Унаа» → «ОСАГО» жана камсыздандыруу компаниясын тандайсыз. 
- Маалыматтарды толтурасыз. 
- Камсыздандыруу полисин электрондук почта аркылуу аласыз. 
«Мой О!» тиркемесин каалаган оператордун SIM-картасы менен Google Play’ден же App Store’дон жүктөп же жаңыртып алыңыз да, жаңы сервисти биринчилерден болуп колдонуңуз!
«О!Банк» ААК. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лиц. 
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.


