Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез жана комиссиясыз

O!Bank Россиядан Кыргызстанга Astrasend сервиси аркылуу тез которууларды алуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди.

Эми акчаны «Мой О!»'дон, ошондой эле O!Bank'тын каалаган офисинен жана O!Store'дон — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз ала аласыз.

Артыкчылыктары:

• Картага же эсепке ыңгайлуу курс боюнча сом менен заматта чегерүү.
• Өлкөнүн каалаган банкоматында Visa Cashback жана Нактаматтар аркылуу картадан акчаны накталай акысыз алуу.
• Кыргызстан боюнча О!Bank жана O!Store офистеринин кеңири тармагы.
• Каалаган убакта онлайн акча алуу мүмкүнчүлүгү.

Онлайн которууну кантип алса болот:

1. «Мой О!» тиркемесин жаңылаңыз жана ачыңыз.
2. «Которуулар» — « Astrasend которуулар»ды тандап, контролдук номерди киргизиңиз.
3. Эсепти, картаны же капчыкты көрсөтүңүз жана акча ошол замат түшөт.

 O!Bank жана O!Store офистеринде:

Кызматкерге которуунун номерин билдирип, паспортту көрсөтүңүз.

Кыргызстандын каалаган операторунун SIM-картасы менен «Мой О!» супераппын Google Play же App Store'дон жүктөп алыңыз же жаңылаңыз жана банк менен О! экосистемасынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз.