POS-терминалдар — карта жана QR аркылуу кабыл алуу үчүн 0%

O!Bank’тын POS-терминалдары — ар бир төлөмдөгү ишенимдүү өнөктөшүңүз. Бул түзмөктөр кардарларды тейлегенди тездетип, жүгүртүмдү учурдагы убакытта көзөмөлдөгөнгө мүмкүндүк берет.

O!Bank жеке ишкерлер үчүн комплекстүү чечимди сунуштайт:

• SmartPOS-терминалды акысыз орнотуу — түзмөктөрдө ККМ бар жана маалыматтарды салык кызматына автоматтык түрдө өткөрүп берүү каралган.
• Төлөмдөрдү карта жана QR аркылуу кабыл алуу — комиссиясыз.
• O!Business тиркемеси аркылуу бизнесиңизди 24/7 бою ыңгайлуу башкаруу. Тиркеме App Store’до жана Google Play’де жеткиликтүү.
• Эсепти ачуу жана башкаруу — онлайн.
• Акысыз Visa Business картасы — каражаттарды каалаган банктын банкоматынан акысыз накталатуу менен.
• Каалаган банктык эсеп менен интеграциялоо.
• Иштин башында ашыкча чыгымсыз колдоого ээ болуу.

Дароо азыр бизге өнөктөш болуңуз!

Өтүнмөнү калтырыңыз:
0705000303 номери аркылуу;
WhatsApp же Telegram мессенджерлеринен.

Акция 2025-жылдын 15-июнунан 15-сентябрына чейинки мезгилде туташкан жеке ишкерлер үчүн — карталар аркылуу 500 000 сомго чейинки жана QR аркылуу 500 000 сомго чейинки ар айлык жүгүртүмгө үч айдын ичинде жүрөт.