Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен! Майрам күндөрүнүн иш графиги

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен! Майрам күндөрүнүн иш графиги

Урматтуу кыргызстандыктар!


Жыл сайын 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.


Бул күндөрү биз ата-бабаларыбызды жана алардын Кыргызстандын тарыхына жана өнүгүүсүнө кошкон салымын урматтоо менен эскеребиз.


Алардын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталып, каада-салтты сактоого жана тынчтыкка, биримдикке жана сый-урматка толгон келечекти курууга шыктандырсын.


Майрамдык күндөргө байланыштуу 7 жана 8-ноябрь күндөрү көчмө кассалар иштебейт.


Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн төмөнкү аманат кассалары ачык болот:

  • «Элитстрой» - Бишкек ш., Ден-Сяопин көч., 18/1 (09:00дөн 18:00гө чейин тыныгуусуз);
  • «Достор» - Бишкек ш., Ауэзов көч., 11/1 (09:15-16:30, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин);
  • «Центральная» - Ош ш., И. Раззаков көч.,35 (09:00дөн 18:00гө чейин тыныгуусуз);
  • «Ош» - Ош ш., Ж.Раимбеков көч.,6. (09:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин);
  • «Табылга» - Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 217 (09:00дөн 18:00гө чейин тыныгуусуз).