Бүт өлкө боюнча нактаматтар аркылуу O!Bank карталарынан накталай акча алыңыз

Накталатуу кызматы бар терминалдар аркылуу O!Bank карталарынан каражаттарды оңой жана ыңгайлуу накталатып алса болот.
Бул эмне үчүн ыңгайлуу?
Нактаматтар керектүү кызматтарды төлөш үчүн гана эмес, түздөн-түз смартфондон накталай акча алууга да мүмкүндүк берет. Банкоматтардан айырмасы — терминалдан накталатуу үчүн пластик картанын кереги жок — «Мой О!» супертиркемеси гана жетиштүү.
Акча каражаттарын нактамат аркылуу кантип накталатуу керек?
1. Нактаматтын экранынан «O!Bank накталай берүү» баскычын тандаңыз.
2. Керектүү сумманы көрсөтүңүз.
3. «Мой O!» тиркемесин ачып, QR-кодду сканерлеңиз.
4. Накталатуу үчүн картаны, эсепти же капчыкты тандаңыз.
5. Операцияны ырастаңыз.
Кызмат үчүн комиссия канча?
• айына 30 000 сомго чейин – комиссиясыз.
• 30 001 сомдон 80 000 сомго чейин – 0,5%.
• 80 000 сомдон жогору – 1%.
Канча сумманы накталатса болот?
• Онлайн идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 30 000 сомго чейин.
• O!Store’дон же O!Bank’тан идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 800 000 сомго чейин.
Мындан тышкары, нактаматтардан төлөм тууралуу кагаз чектин ордуна электрондук чекти алса болот. Ал кагаз түрүндөгү чектикиндей эле юридикалык күчкө ээ — болгону нактаматтын экранынан QR-кодду сканерлеп, галереяга сактап коюңуз же мессенджерлер аркылуу жөнөтүңүз. Керектүү чектер ар дайым кол алдыңызда болот!
Нактаматтар кайда орнотулган?
Нактаматтар 24/7 бою жеткиликтүү жана күнү-түнү иштеген бардык Globus дүкөндөрүндө ыңгайлуу жайгашкан.
Ошондой эле, бүт өлкө боюнча накталатуу үчүн 250 ашуун терминал орнотулган.
Кызмат «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.