«Мой O!» жана O!Business тиркемелеринде техникалык иштер  

2026-жылдын 24-октябрына караган түнү саат 01:00дөн 07:00гө чейин пландалган техникалык иштерди жүргүзөбүз.

Бул убакыт аралыгында «Мой O!» тиркемесинде төмөнкүлөр убактылуу жеткиликсиз болот:

  • Банктык карталардан жана эсептерден акча которуу жана кызматтарды төлөө.

  • Эсептерди, карталарды жана депозиттерди ачуу.

  • Кредиттерди тариздөө жана учурдагы кредиттер боюнча маалыматты көрүү.\

  • Идентификациядан жана синхронизациядан өтүү.

  • O!Market’тен бөлүп төлөөнү же кредитти тариздөө.

    Ошол эле учурда O!Market’тин өзү жеткиликтүү болот — сатып алууларды жүргүзө аласыз.

    Кафелерде, дүкөндөрдө жана POS-терминалдар аркылуу сатып алууларды карта менен төлөө кадимки тартипте иштей берет.

    Бул убакта O!Business тиркемеси толугу менен жеткиликсиз болот.

    Сервистербизди колдонууңуз мындан да ыңгайлуу болуусу үчүн, аларды жакшыртуудабыз. Убактылуу чектөөлөрдү эске алып, керектүү операцияларды алдын ала пландап алууну суранабыз.

    Кам көрүү менен,
    O!Bank