«Топтогуч-плюс» депозити менен аманаттарыңызды көбөйтүңүз

O!Bank жеке жактар үчүн сом улуттук валютасында «Топтогуч-плюс» депозити боюнча бир күндүк акцияны жарыялайт.

2025-жылдын 14-майында O!Bank’тын бардык кеңселеринен депозитти пайдалуу шарттарда ачсаңыз болот:

· Депозиттин мөөнөтү — 12 ай;
· Чен — жылдык 15%;
· Жайгаштыруунун суммасы — 15 000 000 сомдон баштап.

Аманаттарыңызды пайдалуу шартта жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калыңыз!