Унааны легалдаштыруу үчүн O!Bank’тан пайдалуу кредит

Кыргызстанда чет элдик номерлер менен жүргөн автоунааларды легалдаштыруу жүрүүдө. Унаа ээлери транспорттук каражаттарын 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин каттай алышат.

O!Bank легалдаштыруунун алкагында унааны каттоо үчүн атайын «Экспресс» кредитин сунуштайт — пайдалуу пайыздык чени жана тариздөөнүн жөнөкөй шарттары менен.

Артыкчылыктары:

• Чен — болгону жылдык 24%, ЖНПЧ - 26,71%.
• Кредиттөөнүн мөөнөтү — 12 айга чейин.
• Документтердин минималдуу топтому.
• Өтүнмөнү тез карап чыгуу.

Кредитти кантип алса болот?

• O!Bank’тын жакынкы филиалына кайрылыңыз.
• Паспортуңузду, кирешелер тууралуу маалымкатты жана техпаспортту көрсөтүңүз.
• Кредит алууга арыз жазыңыз.

Кредит жактырылгандан соң каражаттар КРдин Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин эсебине которулат.

O!Bank менен бирге унааны легалдаштыруу — оңой жана тез.