Смартфонду күрөөгө коюу менен кредит

Чени 24,99%

15 000 – 200 000 с

Суммасы түзмөккө жараша болот

жылдык 24,99%

эмгек акылык долбоорлор үчүн 19%

3 – 24 ай

Төлөө графиги ийкемдүү

Телефонду бербестен күрөөгө коюу

Смартфон сизде калат — банк аны алып калбайт. Күрөө бул юридикалык камсыздоо, алып коюу эмес. Келишимде модели жана IMEI-номери жазылат

Телефонду бербестен күрөөгө коюу

Бул сунуш кимге жеткиликтүү?

Эгер төмөнкүдөй болсо, сунуш автоматтык түрдө пайда болот:

  • Сиз О! операторунун абонентисиз
  • Смартфонуңуз түзмөктөрдүн тизмеси боюнча текшерүүдөн өткөн
Бул сунуш кимге жеткиликтүү?

Тариздөө үчүн эмне керек?

  • КРдин жаранынын паспорту
  • О! мобилдик операторунун активдүү номери
  • Колдоодогу түзмөктөрдүн тизмесиндеги смартфон
  • «Мой О!» тиркемеси орнотулган
  • Байланыш оператору тарабынан IMEI'ди өткөрүп берүүгө макулдугуңуз (тариздөөдө суралат)
Тариздөө үчүн эмне керек?

Смартфонду күрөөгө коюу менен кредитти кантип тариздесе болот?

Токтотуп туруу мезгили

2024-жылдын 14-декабрынан тарта КРУБдун талабы боюнча онлайн-кредиттер үчүн «токтотуп туруу мезгили» киргизилген.

Токтотуп туруу мезгили

Бул кантип иштейт?

Өтүнмө таризделгенден кийин акча каражаттары төмөнкүдөй түшөт:

15 000 с баштап50 000 с чейин
30 мүнөт
50 001 с баштап100 000 с чейин
4 саат
100 001 с баштап200 000 с чейин
12 саат

100 000 сомдон жогорку кредиттер үчүн көзөмөлдүк чалуу аркылуу ырастоо талап кылынат.

Максаттуу пайдалануу

Кредит кабылдангандан кийин кредиттик каражаттарды QR аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн жана «Мой О!» аркылуу сервистерди төлөө үчүн комиссиясыз колдонсо болот.

Максаттуу пайдалануу

Максатсыз пайдалануу

Төмөнкүлөр үчүн операциянын суммасынан 1,95% өлчөмүндөгү комиссия алынат:

  • Жеке жактарга которуулар — эсептерге, карталарга, капчыктарга, телефон номери боюнча жана QR-код аркылуу жөнөтүү
  • Байланыш операторлорунун балансын толуктоо
  • Башка банктардагы жана финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттерди жана бөлүп төлөөлөрдү төлөө
  • Башка сарптоолор
Максатсыз пайдалануу

Кырсыктан камсыздандыруу

«Экспресс Онлайн» жана «Эмгек акылык» кредиттик өнүмдөрүндө кырсыктардан камсыздандыруу иштейт.
Камсыздандыруунун баасы кредитти алуу ыкмасына жана мөөнөтүнө жараша болот.

Кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу

2025-жылдын 1-ноябрынан тарта Кыргызстанда кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүнө кирген.

Өзүнө-өзү тыюу салуу — бул ыктыярдуу чектөө, сиздин атыңызга кредит таризделүүсүн, анын ичинде өзүңүздүн өтүнмөлөрүңүздү бөгөттөйт.

Көп берилүүчү суроолор

Кредитти төлөп бүткөнгө чейин телефонумду алып коюшабы?

Жок, смартфон сизде калат. Күрөө — бул кредиттин юридикалык камсыздоосу, түзмөктү алып коюу эмес. Келишимде смартфондун модели жана IMEI-номери гана жазылат.

Күрөөгө коюу менен кредит адаттагы «Экспресс онлайн» кредитинен эмнеси менен айырмаланат?

Смартфонду күрөөгө коюуда төмөндөтүлгөн чен колдонулат — жылдык 24,99% (эмгек акылык долбоорлордун катышуучулары үчүн 19%), ал эми адаттагы «Экспресс-кредит» үчүн башка шарттар иштейт. Түзмөк сизде калат, келишимде анын модели жана IMEI-номери көрсөтүлөт.

Менин түзмөгүмдүн IMEI-номерин банк кантип алат?

Өтүнмө берүүдө сиз мобилдик оператор аркылуу IMEI'ди өткөрүп берүүгө макулдук бересиз. Маалыматтар автоматтык түрдө өткөрүлөт, IMEI'ди кол менен киргизүүнүн кереги жок.

Кредитти төлөп бүткөнгө чейин смартфонду сатса же алмаштырса болобу?

Күрөө келишими күчүндө турганда, түзмөк сиздин колдонууңузда калышы керек. Смартфонду сатардан же алмаштырардан мурун шарттарды тактоо үчүн O!Bank'ка кайрылыңыз.

Телефон бузулуп калса же жоголуп кетсе эмне болот?

Кредит боюнча милдеттенмелер түзмөктүн абалына карабастан сакталат. Телефон бузулуп калса же жоголуп кетсе, кийинки аракеттер боюнча кеңеш алуу үчүн O!Bank'ка тезинен кайрылууну сунуштайбыз.

Эмне үчүн мага күрөөгө коюу менен 24,99% көрсөтүлбөй жатат?

Сунуш автоматтык түрдө пайда болот, эгер сиз О! операторунун абоненти болсоңуз жана смартфонуңуз колдоодогу түзмөктөрдүн тизмеси боюнча текшерүүдөн өтсө. Шарттар аткарылбаса, күрөөгө коюу менен сунуш көрсөтүлбөйт.

IMEI туура эмес аныкталып калды. Эмне кылуу керек?

Эгер IMEI маалыматтары туура эмес көрсөтүлсө, маалыматтарды текшертүү жана оңдотуу үчүн каалаган O!Bank бөлүмүнө же «Мой О!» тиркемесиндеги колдоо кызматына кайрылыңыз.