Белек карталары — «Мой О!» тиркемесиндеги жаңы функция

Белек карталары — «Мой О!» тиркемесиндеги жаңы функция

«Мой О!» супертиркемеси санарип кызматтарын кеңейтүүнү улантууда — эми колдонуучуларга өнөктөштөрдүн электрондук белек карталары түздөн-түз тиркемеде жеткиликтүү.

Сервис — белек карталарын сатып алуу, жөнөтүү же колдонуу үчүн арналган. Бул туугандарыңызга жана жакындарыңызга презент сатып алуунун коопсуз ыкмасы. Мындан тышкары, ар бир сатып алуу үчүн заматта 5% кешбэк чегерилет.

Белек карталарын үйдөн чыкпай туруп ар түрдүү категориялардын ичинен тандап, алардын номиналын белгилесе болот.

Кантип сатып алат?

  • «Мой О!» тиркемесин → «Белектер» бөлүмүн ачыңыз.

  • Категорияны жана белек картасын тандаңыз.

  • Андан соң өзүңүзгө сатып алыңыз же белек катары жөнөтүңүз.

Картаны жөнөткөндөн соң ала турчу адам тиркемеге киргенде белек берилгендиги тууралуу билдирүүнү көрөт. Картаны колдонуу үчүн кассирге QR-кодду көрсөтүү же кодду айтуу жетиштүү.

Белек карталарынын функциясы «Мой О!» супертиркемесинде жеткиликтүү. Тиркемени Google Play'ден же App Store’дон жүктөп алып, жакындарыңызды сүйүнтүүнүн жаңы ыкмасын ачыңыз!