"Халык Банк Кыргызстан" ААК Visor эл аралык инвестициялык топко кошулду
«Халык Банк Кыргызстан» ААК эми Visor International DMCС эл аралык инвестициялык топтун мүчөсү болуп калды. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан макулдашылган бүтүм 2024-жылдын 18-апрелинде аягына чыкты. Жаңы ээсинин башкаруусунда Банк ыңгайлуу, технологиялык жана коопсуз өнүмдөрдү сунуштоо менен жеке жактарга дагы, бизнеске дагы инновациялык каржылык чечимдерди сунуштайт. «Халык Банк Кыргызстан» Кыргыз Республикасында 20 жылдан бери өзүнүн бекем жана туруктуу ордун сактап келет. Банктын Visor эл аралык инвестициялык топко кошулушу өнүгүүнүн жана санариптик трансформациянын жаңы этабы болмокчу.
Банктын акыркы жылдардагы жетишкендиктери:- Global Finance журналынын версиясы боюнча 2024-жылдын мартында Кыргызстандын мыкты банкы болуп таанылды.
- Бизнес үчүн интернет-банкинги 2023-жылы SME Banking Agency агенттигинин версиясы боюнча мыкты үчилтикке кошулса, Halyk мобилдик тиркемеси 2022-жылы Global Banking and Finance Review версиясы боюнча Кыргызстанда эң инновациялык тиркеме болуп таанылды.
- Экология, социалдык жоопкерчилик жана башкаруу тармагында прогрессивдүү тажрыйбалары менен Туруктуу өнүгүү саясатын (ESG) биринчилерден болуп киргизди.
18.08.2024Бардык жаңылыктар