O!Bank’та ипотекалык кредит — жылдык 18% баштап

Даяр турак жай сатып алууну же жеке менчик үй курууну пландагандар үчүн O!Bank ипотекалык кредиттөөнү сунуштайт.

Эми үй шарттарын жакшыртуу оңой болууда: тез арада ипотеканы тариздеп, каржылоону алып, пландарыңызды ашыкча кыйынчылыксыз ишке ашыруу мүмкүн.

Кредиттин артыкчылыктары:

• Өтүнмөнү тез арада карап чыгуу.
• Каражаттарды алуу ыңгайлуу.
• Шарттар жана төлөө мөөнөттөрү ийкемдүү.

Негизги шарттар:
• Кредиттин суммасы — 250 000 сомдон 12 500 000 сомго чейин.
• Мөөнөтү — 6 айдан 120 айга чейин.
• Пайыздык чени — жылдык 18%дан баштап.
• Камсыздоо — кыймылсыз мүлк же эсептеги акча каражаттары.
• Кыймылсыз мүлктү милдеттүү түрдө камсыздандыруу — кредиттин суммасы 4 250 000 сомдон жогору болсо.
• Баштапкы төгүм — сатып алынуучу кыймылсыз мүлктүн баасынын 20%ынан төмөн эмес. Баштапкы төгүм жок болсо кошумча күрөө коюлушу мүмкүн.

Керектүү документтер:
•Паспорт.
•Никелешүү тууралуу күбөлүк жана күйөөңүздүн/аялыңыздын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу.
•Акыркы 3-12 ай ичиндеги кирешелер тууралуу маалымкат.
•Акча туруктуу түшүп турган эсебиңиздин көчүрмөсү.
•Эгер жеке бизнесиңиз бар болсо — тастыктоочу документтер.
•Күрөөгө коюла турган мүлкүңүздүн документтери.
Ишмердиктин түрүнө жараша банк кошумча документтерди сурашы мүмкүн.

O!Bank’тын кеңселерине кайрылыңыз — адистер оптималдуу шарттарды тандоого жана ипотеканы тез жана ыңгайлуу тариздөөгө жардам беришет.

ЖНПЧ 19,44%дан баштап. «О!Банк» ААК. КРУБдун 17.09.2024-жылдагы №044 лицензиясы.