Үйүңүз үчүн O!Bank ипотекасы — жылдык 15,5%дан баштап

O!Bank ипотекалык кредиттөөнү дагы пайдалуураак кылууда — эми чендин өлчөмү баштапкы төгүмгө жараша болот.
Кредитти үй сатып алууга же курууга алсаңыз болот.
Кредиттөөнүн шарттары:
суммасы — 850 000 сомдон 12 750 000 сомго чейин;
мөөнөтү — 6 айдан 120 айга чейин;
баштапкы төгүм — үйдүн баасынын 20%ынан баштап.
Тариздөө үчүн паспорт, кирешени тастыктаган документтер, ошондой эле күрөөгө коюлуучу мүлктүн документтери керек.
Консультация алуу үчүн сурамды шилтеме аркылуу калтырсаңыз болот.
Ипотеканы каалаган O!Bank кеңсесинен офлайн же «Мой О!» тиркемесинен онлайн тариздесеңиз болот: «Кредиттер» бөлүмүн ачыңыз → «Ипотека» → маалыматтарды толтуруп, өтүнмөнү жөнөтүңүз.
Акция боюнча чендер:
Баштапкы төгүм | 1-жыл | 2-жыл | 3–10-жылдар |
20%дан 29,99%га чейин | 17,5% | 19,5% | 20,5% |
30%дан баштап | 16,5% | 18,5% | 20,5% |
O!Bank’тын өнөктөштөрүнүн кызматтарын төлөөдө — 50%дан баштап | 15,5% | 17,5% | 20,5% |
15,5%ды түзгөн минималдуу ченди кантип алса болот:
1. Үйдүн баасынын 50%ынан жогорку баштапкы төгүмдү төлөңүз.
2. Учурдагы эсеби же карталык эсеби бар O!Bank’тын кардары болуңуз.
3. Өтүнмөнү бергенге чейин 3 айдын ичинде акциянын өнөктөштөрүнө 300 сомдон жогорку минимум 3 төлөм жүргүзүңүз: O!, Saima Telecom, Globus, «Народный», SPAR жана «Достор».
Өнөктөштөрдү каалагандай айкалыштырса болот. O!Bank картасы менен, анын ичинде онлайн да жүргүзүлгөн төлөмдөр, ошондой эле «Мой O!» аркылуу жасалган төлөмдөр эсепке алынат.
Толук шарттар менен шилтемеден таанышып чыксаңыз болот.
Акция 2026-жылдын 8-октябрынан 31-декабрына чейин берилген өтүнмөлөр үчүн иштейт. ЖНПЧ — 16,70%дан баштап. «О!Банк» ААК. КРУБдун 17.09.2024-жылдагы №044 лицензиясы. O!Bank’тын кызматкерлери жана банкка байланыштуу адамдар акцияга катыша албайт.


