Онлайн-кредиттерди берүү мөөнөттөрүндө өзгөрүү

Онлайн-кредиттерди берүү мөөнөттөрүндө өзгөрүү

КРУБдун талабына ылайык, O!Bank онлайн-кредиттер үчүн «токтотуп туруу мезгилине» өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санариптик финансылык кызматтардын өсүп жаткан шартында банктык системага болгон ишенимди жогорулатууга жана кардарларды коргоого багытталган токтомду кабыл алган.

Бул токтомдун алкагында онлайн-кредиттерди тариздөөдө «токтотуп туруу мезгили» деген түшүнүк киргизилген.

Бул төмөнкүнү билдирет:

· онлайн-кредит боюнча акча каражаттары тариздөөдөн кийин бир нече убакыттан соң чегерилет.

2025-жылдын 29-мартынан тарта онлайн-кредиттерди чегерүүдө жаңы мөөнөттөр ишке кирет:

· 50 001 сомдон 100 000 сомго чейин — 4 сааттын ичинде;

· 100 001 сомдон жогору — 12 сааттын ичинде.

100 000 сомдон жогорку кредиттерге кардардын макулдугун ырастоо үчүн контролдук чалуу киргизилген.

«Мой О!» супертиркемесинен 200 000 сомго чейинки онлайн-кредиттерди алсаңыз болот. Толук маалымат шилтемеде.