Жеке адамдарга насыя берүүнүн шарттары өзгөртүлдү
2024-жылдын 9-декабрынан тартып чекене бизнести насыялоо программалары үчүн жаңы шарттар күчүнө кирет.
Жаңыланган шарттар «Эмгек акы» насыясына колдонулат:
- Насыянын суммасы – 15 000 сомдон 200 000 сомго чейин.
- Пайыздык чени - жылдык 19%, ЖНПЧ 20,68%.
- Насыянын мөөнөтү - 1 айдан 24 айга чейин.
«Керектөө насыясы»
- Насыянын суммасы – 200 000 сомдон 4 000 000 сомго чейин.
- Насыянын мөөнөтү – 3 айдан 60 айга чейин.
- Пайыздык чен 22%, ЖНПЧ 24,14%дан баштап.
Жеке адамдарга насыя берүүнүн бардык шарттары менен шилтеме боюнча таанышсаңыз болот.
08.12.2024Бардык жаңылыктар