Visa карталары боюнча жаңы тарифтер

2026-жылдын 1-октябрынан тарта жеке жактар үчүн Visa карталары боюнча жаңыртылган тарифтер күчүнө кирет.
Эмнелер өзгөрөт:
1. Башка банктардын банкоматтары жана кассалары аркылуу Visa карталарынан накталай акча чыгарып алуу үчүн комиссия сумманын 1,5% түзөт, бирок 250 сомдон төмөн эмес болот. Visa Platinum карталары үчүн шарттар өзгөрбөйт.
2. O!Bank’тын банкоматтарынан жана кассаларынан Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу накталай акча чыгарууда демейки Visa картасы менен чыгаргандай эле комиссия иштейт.
Жаңы тарифтер менен шилтеме аркылуу таанышып чыкса болот.
14.09.2026Бардык жаңылыктар


