Пландалган техникалык иштер

2026-жылдын 21-октябрына караган түнү саат 02:00дөн 06:00гө чейин пландалган техникалык иштер жүргүзүлөт.
Бул убакыт аралыгында төмөнкүлөр убактылуу жеткиликсиз болот:
банкоматтардагы, POS-терминалдардагы жана интернет-дүкөндөрдөгү жүргүзүлүүчү Visa картасы боюнча операциялар;
«Мой O!» мобилдик тиркемесинен Visa карталарын колдонуу;
банкоматтардагы жана POS-терминалдардагы тейлөө;
карталык операциялар боюнча SMS-билдирүүлөрдү жана OTP-коддорду жөнөтүү;
карталык операциялар үчүн бонустарды чегерүү.
2026-жылдын 22-октябрына караган түнү «БАПБ» ЖАК тарабында пландалган техникалык иштер жүргүзүлөт.
01:00дөн 06:00гө чейин төмөнкүлөр убактылуу жеткиликсиз болот:
«Элкарт» карталары боюнча операциялар;
башка банктардын банкоматтарынан накталай акча алуу;
интернеттен жана POS-терминалдар аркылуу сатып алууларды төлөө.
Убактылуу чектөөлөрдү эске алып, керектүү операцияларды алдын ала пландап алууну суранабыз.
Кам көрүү менен,
O!Bank


