Өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганын кантип текшерсе болот

Кыргызстанда соттук карыздардын жана өлкөдөн чыгууга чектөөлөрдүн бар-жогун тез арада текшере турган онлайн-портал ишке киргизилди.
Сервис КР Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы тарабынан иштелип чыкты.

Маалыматты алуу үчүн https://portal.sot.kg/debtors порталына кирип, ИННиңизди терүү керек.

Эгер соттук карызыңыз бар болсо, аны «Мой О!» мобилдик тиркемесинен онлайн төлөсөңүз болот:
• «Төлөмдөр» бөлүмүн ачасыз → «Мамлекеттик кызматтар»
• «Сот кызматтары» баскычын басасыз → «Мыйзамдуу карызды төлөө»
• төлөмдүн кодун тересиз.

Карыздарды алдын ала текшерип, «Мой О!» тиркемесинен оңой жана ыңгайлуу төлөңүз.