Маалыматтарыңызды жана акчаңызды кантип коргоо керек

Акыркы убакиа телефондук жана кибералдамчылык учурлары көбөйүүдө. Шылуундар эсептериңизге кирүү үчүн жаңы схемаларды ойлоп табууда.
Алдамчылар кайсы аракеттерди жасашат?
- Банктын же мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин атын жамынып чалышат.
- Эсебиңиз боюнча көйгөйлөр жаралганын же маалыматтарыңыз уурдалуу коркунучунда экенин билдиришет.
- Жеке жана банктык маалыматтарды сурашат: сыр сөз, PIN-код, картанын номери жана башка маалыматтар.
- Шилтемеге өтүүнү же белгисиз тиркемени жүктөп алууну суранышат.
Өзүңүздү кантип коргоо керек?
- Белгисиз номерден чалып, маалыматтарыңыз уурдалды деп айтышса — сүйлөшүүнү токтотуңуз.
- Картанын маалыматтарын жана SMS’теги же push-билдирүүдөгү коддорду банктын кызматкерлерине да айтпаңыз.
- Белгисиз номерден келген видеочалууларга жооп бербеңиз, белгисиз шилтемелерге өтпөңүз жана текшерилбеген тиркемелерди орнотпоңуз.
Алдамчылыкка кабылсаңыз эмне кылуу керек?
• Картаны же эсепти бөгөттөө үчүн 9999 номери аркылуу банкка билдириңиз.
• Укук коргоо органдарына арыз жазыңыз.
Маанилүү: O!Bank’тын кызматкерлери эч качан телефон аркылуу жеке маалыматтарды сурашпайт.
Өзүңүзгө жана маалыматтарыңызга сак болуңуз!
Кам көрүү менен,
O!Bank


