Телефондук алдамчылардан кантип сактануу керек: жөнөкөй эрежелер

Телефондук алдамчылар акчаңызды урдоо үчүн уламдан-улам алдоонун жаңы жолдорун ойлоп табууда. O!Bank эскертет: банктык картаңыздын жана эсебиңиздин маалыматтарын же башка жеке маалыматтарыңызды телефон аркылуу эч качан билдирбеңиз.

Алдамчылар кандай ыкмаларды колдонот?

Тууганыңыз же таанышыңыз имиш болуп жазгандар
• көбүн эсе мунун алдында WhatsApp’ты же Telegram’ды талкалап кирип, тез арада акча жөнөтүүнү суранышат.

«Инвестициялар» жана оңой акча табуу убадалары
• кичинекей сумманы чоңойтуп берүүнү сунушташат же жөн эле акча которуу үчүн пассивдүү киреше убадалашат.

Соцтармактар жана жарыялар берилүүчү сайттар аркылуу товарларды жана кызматтарды сатуу
• адатта, бул — үйлөрдү же батирлерди арзан баада ижарага берүү, кийим-кече, гүл же башка товарларды өтө төмөн баада сатуу. Төлөнгөндөн кийин сатуучу жоголуп кетет.

Кысымчылык жана коркутуу
• алдамчылар чалып, шашылыш маселе тууралуу жалган маалымат беришет: сиздин атыңызга кредит берилди, эсебиңизден акча алынды же мүлкүңүз сатылып кетти имиш. Көп учурда алар өздөрүн банктын же мамлекеттик мекеменин кызматкеримин деп атап чалышат да, телефонуңузду аралыктан колдонуу үчүн тиркеме, мисалы AnyDesk, орнотуп алууну суранышат.

Өзүңүздү кантип коргоо керек? 

• Чечимди дароо кабыл албаңыз — бул банк, мамлекеттик мекеме же тууганыңыз деп айтышса да, алгач сизге ким чалганын текшереңиз.
• Ишеничтүү жакындарыңызга же тааныштарыңызга чалып, маалыматты тактаңыз.
• Товарларды онлайн сатып алсаңыз, пикилерди жана маалыматты ар башка булактардан текшериңиз. Эгер бардык пикирлер жакшы болсо жана бир күндө жазылган болсо — кооптонуу керек.

Маанилүү: О!Bank'тын кызматкерлери эч качан жеке маалыматтарды телефондон талап кылышпайт.

Эгер шектенсеңиз, маалыматты тактоо үчүн 9999 номери аркылуу банкка чалыңыз же укук коргоо органдарына кайрылыңыз.