«Мой О!» — чет өлкөлөргө Visa аркылуу ыкчам онлайн-которуулар

O!Bank Кыргызстандын ичинде да, чет өлкөлөрдө да картанын же телефондун номери боюнча акчаны заматта жана коопсуз жөнөтүүнү сунуштайт.

Эми «Мой О!» тиркемесинде Visa Direct жана Visa+ которуулары жеткиликтүү.

Visa Direct менен картанын номери боюнча, ал эми Visa+ менен телефон номери боюнча акча которсоңуз болот.

Сервис SWIFT’ти колдонбостон көптөгөн өлкөлөрдө жеткиликтүү.

Артыкчылыктар:

• Акча Кыргызстандын ичинде да, чет өлкөлөргө да заматта түшөт.
• Чегерүү банкка барбастан «Мой О!» аркылуу түздөн-түз картага жүргүзүлөт.
• Реквизиттердин минимуму: картанын же телефондун номери жана алуучунун аты-жөнү.
• Которуунун валютасы: сом, рубль, доллар же евро.

Телефон номери боюнча которуу үчүн «Мой О!» тиркемесинен картаны Visa+ системасына байлаңыз.

Муну кантип кылат?

1. «Мой О!» тиркемесин жаңыртыңыз да, кириңиз.
2. Которуулар түшүүчү Visa картасын тандаңыз.
3. «Visa+ жөндөө» баскычын басыңыз → «Картаны байлоо».

Акчаны которуу өтө оңой:

1. «Төлөмдөр» бөлүмүн ачыңыз → «Капчыктар жана банктар».
2. «Visa которуулар» баскычын же «Которуулар» бөлүмүн тандаңыз.
3. Керектүү сервисти тандаңыз:
• Visa+ — телефон номери боюнча.
• Visa Direct — картанын номери боюнча.
4. Телефондун же картанын номерин жана алуучунун аты-жөнүн териңиз — акча заматта түшөт.

Visa Direct жана Visa+ которуулары Кыргызстан ичинде комиссиясыз, чет өлкөлөргө — сумманын болгону 1%.

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп же жаңыртып алыңыз — тиркеме Кыргызстандагы бардык операторлордун SIM-картасы менен иштейт.