Visa карталары боюнча бонустарды чегерүү шарттары жаңыланды

2025-жылдын 1-декабрынан тарта Visa карталарын кармоочулар үчүн кешбэкти чегерүү боюнча жаңы шарттар күчүнө кирет.

O!Prime жазылуусу жок Visa Cashback жана Visa Platinum сомдук карталары менен POS-терминалдар же онлайн аркылуу төлөмдөрдү жүргүзгөндө 0,5% кешбэк чегерилет.

Топтолгон бонустарды өнөктөштөрдөн колдонсо болот: 1 бонус = 1 сом.

Visa Cashback картасын каалаган O!Store же O!Bankтан паспортуңуз менен заматта, ошондой эле «Мой О!» супераппында онлайн алсаңыз болот.

Visa Cashback карталары менен POS-терминалдарда же интернетте соода кылганыңыз үчүн 2% кешбэк алуу үчүн O!Prime премиум жазылуусун кошуңуз.

Кешбэк төмөнкү учурларда чегерилет:

• суткасына 1000 бонуска чейин, бир төлөм үчүн эң көп 200 бонус;

• айына бонус эсебине 10 000 бонуска чейин;

• бир POS-терминалдан же интернет төлөмдөр аркылуу суткасына 4 жолу соода кылууга чейин.

Кешбэк төмөнкү учурларда чегерилбейт:

• Visa виртуалдык карталары, Visa Business жана Элкарт менен соода кылганда;

• O!Prime жазылуусу жок Visa Classic жана Visa Gold карталары менен төлөгөндө (Visa Gold санариптик жана физикалык карталарынан тышкары);

• акча которууларда жана накталай акча алууда;

• QR-код менен же тиркемедеги кызматтарды төлөгөндө.

Акция 2026-жылдын 31-январына чейин.